Нурболот Мирзахмедов: “Жалал-Абадда быйыл 6 айда 2019-жылга салыштырмалуу салык 600 млн. сомго көп чогултулду”

Быйыл 6 айда Жалал-Абад облусунда 2019-жылга салыштырмалуу салык 600 млн сомго көп чогултулду. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов маалымат жыйында билдирди.

“Бүгүнкү күнү бюджеттин киреше бөлүгүнө салыктардан 2 млрд 423,2 млн сом чогултулду. Белгиленген план 100,3%га аткарылды. Ал эми 2019-жылга салыштырмалуу 600 млн сомго көп чогултулду. Мындайча айтканда былтыркы жылга салыштырмалуу өсүү темпи 125,7 % түздү. Биз кырдаалга карабастан, бюджеттин эсебин көтөрүү максатында, киреше бөлүккө көбүрөөк басым жасадык”, – деди ал.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *