Нурболот Үсөнбаев “Таласта мурда лаборатория жок болгондуктан, коронавирус аныкталган эмес” деген маалыматты четке какты

Өлкөдө коронавирус катталгандан бери Талас облусунда алынган бардык ПЧР анализдер Бишкектеги лабораторияга жөнөтүлчү. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, Талас облусунда 3189 ПЧР-тест жана экспресс-тестирлөө аркылуу 14224 анализ алынган.

“Талас облусунда мурда лаборатория жок болгондуктан, коронавирус аныкталган эмес деген маалыматтар бар. Ал андай эмес. Эпидемиологиялык иш-чаралар жүргүзүлө баштагандан тартып, Талас облусунда алынган ПЧР анализдери Бишкектеги лабораторияларга жөнөтүлчү. Учурда облуста мобилдик лаборатория иштеп жатат, анда жеринде коронавируска изилдөөлөр жүргүзүлөт” – деп билдирди Нурболотт Үсөнбаев.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1111 адамдан коронавирус инфекциясы табылган. Талас облусунда коронавирустун бир дагы учур катталган эмес.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *