Нургиза Жузуеваны милиция издеп жатат

1991-жылы туулган Нургиза Жузуеваны милиция издеп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 8-октябрда 32 жаштагы аял Нургиза Жузуева аттуу дайынсыз жоголгон сиңдисин таап берүүнү суранып кат менен милицияга кайрылган. Ал бир тууганы чет өлкөгө чыгып кеткен, кетпегенин да текшерип берүүнү суранган.

Жоголгон кыздын белгилери: бою 160-165 см, арык да, семиз да эмес, орточо, чачы узун, кой көз, келбети кара-тору. Көргөн-билгендер болсо төмөнкү телефондорго чалып коюңуздар: (0312) 35-12-70, (0701) 35-12-70, (0702)-102-702.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *