Нургүл Кермакунова улуттук антидопинг борборунун директору болуп дайындалды

Нургүл Кермакунова улуттук антидопинг борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралууу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Нургүл Кермакунова 1969-жылы 3-мартта туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган. Эмгек жолун 1995-жылы баштаган.

2004-жылдан 2013-жылга чейин “Кыргызстан Аба Жолдору”, “Кыргызаэронавигация” дарыгердик-учуу комиссиясынын функционалдык диагностика боюнча эксперт-доктуру болуп иштеген. 2013-жылдан 2020-жылга чейин Административдик департаменттин жана Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасында функционалдык диагностика боюнча адис, чарбалык эсептөө бөлүмүнүн функционалдык диагностика бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын август айында “Улуттук антидопинг борбору” түзүлгөн.

Дирекциянын милдеттерине Кыргызстандын аймагында допингге каршы саясатты жүргүзүү, Дүйнөлүк допингге каршы кодекстин аткарылышын камсыз кылуу, кыргыз спортчуларынын арасында спорттун таза түрүн жайылтуу кирет.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *