Нуркамал НАБИЕВ, аскер прокурору: “Курсан Асановдун баласы суракка алынаарда Өзбекстанга качып кеткен”

Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын кезектеги жыйынында аскер прокурору Нуркамал Набиев ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баласы Мухаммед-Али Асанов Оштон «Достук» чек ара посту аркылуу Өзбекстанга чыгып кеткенин айтты. Анын айтымында, М.Асанов буга чейин шектүү катары гана каралган, ошол эле учурда ага каршы көрсөтмөлөр, тийиштүү далилдер болгон. Алар аны суракка алаарда качып кеткен.

Эскерте кетсек, 8-августта К.Асановдун жансакчысы Пайзылда уулу Дамирбек аркылуу Атамбаевдин үйүнөн маанилүү буюмдарды, документтерди жана башка керектүү нерселерди алып чыгып кеткени аныкталганы боюнча 29-августта Башкы прокуратура маалымат менен кошо видео тараткан. 8-августта, саат 21:00-21:15 чамасында, ИИМдин имаратынын жанында К.Асановдун тапшырмасы менен буюмдарды анын баласы Мухаммед-Али Асановго өткөрүп берген. Бул фактыга байланыштуу 22 жаштагы Мухаммед-Али Асановду кылмышка шектүү катары сыртынан камакка алуу боюнча чечим чыгып, 27-августта ага издөө жарыяланган.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *