Нурлан Керимкулов ЖАМКнын “Келечек” мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды

Кыргыз Өкмөтүнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин 2020-жылдын 11-мартындагы номер 156- буйругунун негизинде Керимкулов Нурлан Бейшенбекович Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы “Келечек” мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды.

Нурлан Керимкулов буга чейин бир катар коомдук, мамлекеттик кызматтарда иштеп, акыркы жолу Нарын облусунун Кочкор районунун акими болуп эмгектенген.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *