Нурлан Мотуев: “Атамбаев камалганы, Кыргызстан кадимкидей тынчып калды”

– Нурлан мырза, Атамбаев камалса да “Тергөө менен сүйлөшпөйм, сотуна барбайм” деп жатат. Камалаарда да жөн кетпей тополоң уюштуруп, бир азаматтын өлүмүнө, жүздөгөн адам жаракат алуусуна себепчи болду. Атамбаев түрмөдө жатса, саясатчы катары оңолобу?

– Конституциялык мыйзам боюнча адам баласы өзүнө-өзү каршы көрсөтмө бербей коюуга укугу бар. Атүгүл сотто да сүйлөбөй койсо болот. Бирок, судья “заочный” өкүм чыгара алат. Болбосо, элдин баары эле жеп-ичип алып, анан тултуюп сүйлөбөй бошонуп кетпейби. Ал эми 7-8-августтагы Атамбаев зөөкүрлөнүп, өзүн Кудай сезип, хансарайында “круговая оборона” кармап жатып алуусу бери жагы эле Атамбаевдин психикасында мандем бар экенин көрсөттү. Же мунун юристтери, кеңешчилери алсыз, маргиналдашкан люмпендер, юридикалык сабатсыз бир пенделер. Болбосо, тигине Бабанов деле Москвадан топоюп учуп келип, бир эмес 2 мекемеге суроо-сопкуттарына 8 иш боюнча жооп берип, кенен-кесир эле басып жүрбөйбү. Менин өзүмдү деле 1 жумада колония-поселениеге 2 жолу текшерүүгө чакырышат. Атамбаевчилеп “мания величия” болбой эле барып атам. Эми ушундан кийин Атамбаев саясатчы катары эмес, а чыныгы террорчу, шантажист, бандит, киши өлтүргүч катары сыпатталат. Болбосо соттон сүйлөп, өзүн актап алууга шанс келип атса, мунуңар сотко чыкпайм дегени “Мейли, мени киши өлтүргүч деп эсептей бергиле” дегени болуп жатпайбы. А сот “церемониться” этпейт. Киши өлтүргүч деген гана вердикт чыгарып коёт, бүт дүйнө жүзү көргөн фактылардын негизинде. А биз тынчтык мезгилинде жашап жатып, экс-ажобуз киши өлтүрүп атса, анан кантип аны мындан нары саясатчы деп айта алабыз? Кстати, ОМОНдун кызматкери түгүл, белгилүү саясатчы же коомдук активистти өлтүрсөң, биздин мыйзамдар боюнча өмүр бою эркиңден ажырайсың (ПЛС). Эми бул Кой-Таш окуясы боюнча “щекотливый” ситуацияда өмүр бою абакка же Атамбаев кесилеби же анын жансакчысы К. Сагынбаев камалабы? Экөөнүн бирөө атты да, туурабы? Буда соттор чеччү чоң маселе. Мисалы, теолог К. Маликовго жаракат келтирген Алибек Тилек уулун сот “Коомдук ишмерге кол салдың” деп аедгенде өмүр бою абакка кесип, анан бактыга жараша Маликов тирүү калып, беркинин мөөнөтү да 20 жылга кыскарбадыбы.

— Ошол чыңалган коркунучтуу кырдаалда президент С. Жээнбеков Ысык-Көлдөгү отпускасын токтотуп учуп келгени эсибизде. Башкы командачы катары ал кишинин акыбалды стабилдештирүүгө болгон аракетин кандай баалайсыз?

– Ажо Сооронбай Шарипович өзүнүн кыраакы стратег, ар кандай кооптуу ситуацияларды стабилдүү жайгарып кете ала турган кол башчы экенин көрсөттү. Негизи эле, акыркы 15 жылда Атамбаевдин догурунган, жиндилик, зөөкүр, бир туруп ыйлактап, бир туруп оозуна келгенди оттоп, кайра жийиркеничтүү мылжыйганы элдин кыжырын келтирип жүргөн. Анан бул зөөкүрдүн миллиондоп жегендери аныкталып (ТЭЦ, музей, жолдор, жана көптөгөн проекттер боюнча), былыктары ачыкка чыккан соң элдин да чыдамы түгөндү. Тиги камалып атканда да, азыр экс-ажо титулу алынып атканда да жалпы эл түгүл 5 миң киши да колдоп чыкпай койду. “Сага чала болот! Ошону көрмөксүң, коррупционер!” деген эле баа болду АШАга. Байкадыңарбы, батпай эле ыйына берген, колунда болгон кичине бийликпи же байлыкпы, ошого ыраазы болуп жашабаган, кайсы президент келсе да ага каршы жалган жалаа компроматтарды уюштуруп, ага да иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей, өлкөгө да тынчтык бербей, “Мен гана президент болушум керек! Калгандары бүт жаман, жараксыз!” деп жүргөн Атамбаев камалганы, Кыргызстан кадимкидей тынчып калды. Демек, илгертен айтыла жүргөн, мамлекетке ар дайым коркунуч туудурган үчүнчү күч делген ушу Атамбаев болуп жүрбөсүн? Кытайдан 50 эле миллион доллар карыз алып, анан да кадыресе эле иштеп Кыргызстанды жаңыдан өнүктүрүп келаткан К. Бакиевди да дал ушул Кытайдан 2 миллиард доллар карыз алып, анын көбүн жан жөөкөрлөрү менен бөлүшүп алган Атамбаев эле иштетпей койбодубу. Жалган-жалаа, кара пиарды уюштуруп. Мени да Бакиевский деп жектеп, ар кандай жалаа, кара пиар, ушактарды Атамбаев менчик ММКлары аркылуу улам-улам кетирип турганынан эле билем, жалган-жалаа кандай болорун. Ал кезде интернет анча өнүгө элек үчүн добушум, видеом көпчүлүккө жетпей, Атамбаевдин кара пиарынын кесепетин жакшы эле тарттым окшойт. Мунун ТВлары менин сүйлөгөнүмдү “искажать” этип беришип, ага элдин бир бөлүгү ишенип алышып, имиджиме канча доо кетти. Канчалаган мүмкүнчүлүктөн, бизнес-байланыштардан куру калдым. Бактыма Аллах жалгап интернет чыгып калып, азыр шүгүр, видео аркылуу же текст-пост аркылуу өзүмдүн ой-идеяларымды калың элге кеңири жеткирүүгө мүмкүнчүлүк алдым. Өзүмдүн нормальный адам экенимди далилдей алдым. Эми ошонумду да көрүп туруп, чычалаган Атамбаев мени интернетке чыгартпоого аракет кылып, колония-поселение, ошол өз доорундагы ГСИН жетекчилиги аркылуу тилимди кыскартууга, үнүмдү өчүрүүгө далалаттанды. Кудайга тобоо, убагында Кулов, кийин болсо Текебаев баштаган жоон топ саясатчылар түрмөгө түшкөндө СМИ аркылуу сүйлөп эле атчу эмес беле. А мен сүйлөгөн сайын акыбалымды оорлотуп поселениеден зонага кесип ийишти. Атамбаев мафиясы менен камалып жоголгону азыр ахвалым оңолуп калды. Бирок, дале ТВга чыгартпаган АША приказы сакталып калды. Өткөндө 5-каналга Эльнура Алканова, дагы бир интернет сайтка Назира Айтбековалар чакырышкан. Айла жок баш тартууга туура келди. Ал журналист кыздар “Байке, сизди эл сагынып калды. Келип, сүйлөп бериңиз…” деп кайра-кайра суранышканына карабай отказ берүүгө туура келди.

– Баса, Бакиев демекчи, 7-апрелде Ак үйгө кол салган топ бири-бирин атып өлдү дешсе, бирлери Бакиев аттырган дешет. Сиздин оюңуз кандай?

– АКШда Ак үйгө кол салып көрүшсүнчү. Танка менен келип, артиллерия менен аткылашат. Бизде болсо мамлекеттүүлүк толук түптөлө элек экенин сезген же түптөлүшүн каалабаган Атамбаев куралдуу бандиттерин тукуруп, стратегиялык объектке кол салып, ошондо эле чоң кылмышка барган болчу. Балким, Ак үйдөн ок чыкса К. Байболов айткандай 17 кишиге тийгендир. А калган 70 кишини булар кайдан таап чыгышты? Балким, чындап эле бири-бирин атышкандыр? Анан да жандими Атамбаевдин өз башына келип, мына киши өлтүрүп олтурат. Тополоң-тостон чарчаган эл Атамбаевди заманында жакшы көргөнү үчүн массалык митингдерге чыкпады эмес, кетет деп күтчү. Непадам, көп эл Ак үйдү курчаса Атамбаев көз ирмебей эле баарын кырып таштамак экен. Акыркы жылдары оорусу өтүшүп бараткансыган “параноик” Атамбаев кичине эле сынды өзүнө жарыяланган чоң согуш катары көрүп, баш көтөргөн саясатчы аттуунун баарын камабадыбы. Бул “мания преследования” деген оорунун белгилери.

– Сиздин оюңузча, өлкөдөгү акыбал кандай? Саясий түзүм, Ак үй, Көк үй турмушу, экономикалык өсүү прогноздору, элибиздин келечеги дегендей?

– Өлкөдөгү акыбал жогоруда айтканымдай бузуку, сасыткы-иритки Атамбаев камалганы кадимкидей турукташып, стабилдүүлүккө жол алды. Бирок, мунун идеялаш-табакташы Ө. Текебаев жазган шалтурук Конституция Кыргызстанды кадимкидей аксатууда. Адам укуктары бузулду. Мисалы, көбү шайлоого партия менен эмес, өз атынан баргысы келет. Демек, менин-сенин шайлануу укуктарыбыз тепселенди. 120 депутаттын кереги жок, 50 эле депутат жетет. Убагында Акаев ачып кеткен 50 ЖОЖдун кесепетин эми көрүп атабыз. Дипломду алган адистерди жумушка орноштуруу үчүн бири-бирин кайталаган кызмат структуралары түзүлүп, бюрократия болуп көрбөгөндөй өөрчүдү. Президентибиз Сооронбай Шариповичти Атамбаев иштетпей, 2 жыл жакшы эле тушап-матады. Ажобуз да кыйын, өжөр адам экен. Атамбаев деген залалдуу шишикти шарт эле кесип ыргытты. Мындай кесепеттүү-кесирлүү досту эмес, ыймандуу, уюткулуу элинин бактылуу келечегин тандап алды Жээнбеков. А мындай катаал тандоону бир гана эрктүү, күчтүү, максаттуу, демилгелүү, көсөм-көрөгөч, акылман-даанышман, интеллигенттүү окумал гана адам жасай алмак. Демек, миң жылда бир келчү кырсык, чоң проблема Атамбаев маселеси 15 жылда араң чечилген соң, эми мындан нары С. Жээнбековдун 4 жылы Кыргызстанды көтөрүүгө, гүлдөтүүгө гана кетерине ишенем. Биз да четте карап турбай, жабыла колдоп-буттап жардам беришибиз керек. Бир эле кишини карап олтура бербей. Неси болсо да, келерки 2 жыл тагдыр чечүүчү жылдар болот.

– Эмне үчүн тагдыр чечүүчү жылдар деп эсептейсиз?

– Акыркы 15 жыл Кыргызстан үчүн 2 революциянын тополоң-тостун, Конституциялык реформа деген аталыш менен саясый бейстабилдүүлүктүн, саясат үлкөндөрүнүн амбициялык тирештеринин, айтор, бардактын жылдары болгону менен кыргыз элинин турмуш-тирилигин оңдоо, экономикалык өсүшкө жетүүнүн, коңшу мамлекеттер менен теңата чекара маселелерин чечип алуунун эффективдүү жолдору дээрлик айтылбады. Ажобуз болсо АШАны тартипке чакырам, тынчытам деп жүрүп эле 2 жылы кетти. Эми, колу-жолу бошогон соң, натыйжалуу экономикалык илбирс секирик жөнүндө идея түртөөр. Күтүп атабыз жана ишенебиз! 2020-2021-жылдар ошол экономикалык өсүштүн фундаментин негиздеген тагдыр чечүүчү стабилдүү жылдар болсун деп тилек кылалы.

Маектешкен Темирлан Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *