Нурлан Мотуев, коомдук ишмер: “Атамбаев камалса муну менен сүйлөшчү адамдар аябай көп, өлтүрүп коюшу да мүмкүн”

– Нурлан мырза, салам алейкум.

– Алейкум салам.

– Кандайсыз, ден-соолугуңуз дуруспу?

– Аллага шүгүр. Мен жакшымын. Өзүңөр кандайсыңар?

– Биз да жакшыбыз. Абакта диний экстремисттер олтурган жабык жерге олтурдуңуз. Кандай болуп ал жакка кирип калдыңыз?

– Тиран Атамбаев мен сүйлөбөгөн сөздөрдү сүйлөдү, айтпаган сөздү интернетте жазды деп шылтоо тапты. Социалдык тармакта менин популярдуулугумду пайдаланып, көп киши фейк баракча ачып алган. Фейсбукта 4-5, Одноклассникте 15, Инстаграмда 5-6 Нурлан Мотуев жүрөт. Ошолор жазган радикалдык экстремисттик маанайдагы сөздөрдү сен жаздың дешип, статьяны моюнга илип коюшпадыбы. Азыр колония-поселениедемин.

– Атамбаев сизге асылмайынча сүйлөй албайт эмеспи. Өткөндө дагы “Коңшулар Кыргызстанды Нурлан Мотуевдей элестетет болчу” деп айтты. Ал киши менен мынчалык өчөшүп калгыдай кандай иш болгон?

– Атамбаев күлкүнү келтирет да. Кекчил, анткор, жалаакор, жүзүкара Атамбаевге айла жок экен. Экөөбүздүн душмандыгыбыз илгертен эле. Жеке душмандык, идеялык душмандык да бар. Текебаев экөө көтөрүп чыккан көп партиялуулук дегенине каршы чыгып, шариятка, кыргыздын мыйзамдарына көп партиялуулук туура келбейт, ар бир райондон бирден депутат шайланып, бир гана президентке баш ийип, ынтымакта жашашыбыз керек деп айткам. Менин булар менен идеялык күрөшүм 2006-жылдан бери келатат. 2005-жылы Кара-Кечени коррупционерлерден тазалап, кууп чыккандан кийин, Атамбаев өзүнөн-өзү эле кашынып, менин популярдуулугумду көрө албай, 2006-жылы жөө жүрүш жасап, менин камалышыма себепчи болгон. Бакиев, Кулов менен күрөшүп, соттон бир жылдан кийин акталып чыктым. Атамбаевдер бийликке оппозиция болчу. Турсунбай Бакир уулу экөөбүз мусулман оппозициясы болуп жүрдүк. 2008-жылы октябрда Бекболот Талгарбеков ортомчу болуп келиптир. Анда Атамбаев, Сариев, Текебаев, Каптагаев жана башкалардын баары биригип атышкан. Биз мусулман оппозициясы болуп түндүк-түштүктүн баарын кыдырып, мечитте дават айтып, мечиттен чыгып миңдеген кишилерге саясий митинг уюштурганыбызды, эл бизди колдогонун көрүп, Текебаев, Атамбаев баштаган оппозициялык блок өздөрү сунуш таштаган. Талгарбеков бизге келип, биз менен бирикпейсиңерби, экөөңөрдү тең саясий кеңешке кошобуз деген. Турсунбай Бакир уулу макул болот. Мен болсо баары менен сүйлөшүп көрүшүм керек деп баарына телефон чалып чыгам. Темир Сариев жакшы учурашат, Азимбек Бекназаров жолугуп сүйлөшөт, Текебаев дагы жакшы сүйлөшөт, Атамбаевге өмүрүмдө биринчи жолу телефон чалышым да, “Ассалому алейкум, Алмазбек Шаршенович” дегенде, “Ким бул?” деп чоочуп кетти. Мен Нурлан Мотуев десем, каткырып күлдү. Силердин блок менен таанышып, маектешип аттым эле, жолугуп сүйлөшпөйлүбү десем, “Кечинде өзүм чалам. Унутуп калсам өзүң чал иним” деди. Кечинде чалсам албайт, эртеси чалсам дагы албайт. Азыр жакшылык кылбаган кийин жакшылык кылмак беле, кошулбайм деп каршы чыктым. Мен кошулбай койгондон кийин Турсунбай Бакир уулу да кошулган жок. Андан кийин 2009-жылдагы президенттик шайлоо кирип келди. Бийлик Бакир уулуна Малайзиядагы элчиликти сунуштады эле, ал талапкерлигин алып салып элчи болуп кетти. Мага болсо кызмат караштыралы дешкен, Кара-Кече боюнча мени жаман көрсөттүңөр, жок дегенде өзүмдүн атымды кайра калыбына келтиришим керек, талапкер болуп чыгам дегем. Жакшы эле добуш алдым. Токтайым Үмөталиева менен Жеңишбек Назаралиевден алдыга оздум. Ошондо КТРдин түз эфириндеги дебаттан Атамбаевге 3 заводду менчиктеп алган, Акманда мас болуп жүргөн, жазуучулардын 50 млн акчасын жеп койгон сиз кантип президент болосуз? Кыргызстанды талкалайсыз деп айткам. Өзү качып келбей койгон. Бул сөздү 2009-жылы айткан болсом, 2019-жылы АШАнын кашасы чыгып, эмне болуп жатканын көрүп жатасыңар. Бул Кыргызстандын үчтөн бирин жеп койду. Кыргызстанды Кытайга 2 млрд доллар карыз кылды.

– Кой-Таштагы үйүндө өзүнө коргон кылып, булардын сотуна барбайм, куралым бар, коргоном деп жатпайбы. Сиз дагы Кара-Кечеде баргандарды кубалап турбадыңыз беле. Окшоштук барбы?

– Мунун күчү канчага жетерин көрөбүз. Мен Кара-Кечеде турганымда Кулов ОМОНдорду, бандиттерин жөнөтүп, Жумгалдын мурунку милициясын мага каршы тукуруп, ишиме тоскоолдук кылган. Ошондо дагы бир жыл Кара-Кечени берген эмесмин. Атамбаев өзүнчө кыйын болуп жатат, мага окшоп бир жыл тура алабы? Буга караганда менин абийирим жогору экен. Бир жыл Кара-Кечени бербей кармап, бул жакка келип маалымат жыйын өткөзүп, ачык эле жүргөм. УКМКнын башчысы Таштемир Айтбаев чакырганда, аны менен жолугуп сүйлөшкөм. Өзүм келип түшүп берип, СИЗОдо бир жыл олтуруп, сотто ак экенимди далилдеп, таза болуп чыккам. Атамбаевдин ага духу жетпейт. Ак болсо мен сыяктуу келип, соттон акталсын.

– Атамбаев соттолуп кете турган болсо, зонада тиш кайрагандар барбы?

– Бул оозуна келгенди айта берип, көп былжырап койду. 299-берене менен кетсе да болот. Мында дин аралык касташууну козутуу, региондор аралык касташууну козутуу, улуттар аралык касташууну козутуу деген талылуу маселелерди бириктирип койгон. Атамбаевдин кылык-жоругу элди түндүк-түштүккө бөлүп жатканы көрүнүп эле турбайбы. Буга 299-беренени иле турган болсо, мен олтурган жерге барып, террорист, экстремисттер менен чогуу олтурат. Бабановго дагы ушул беренени коюшкан, ал качып кетип кутулду. Болбосо ал дагы мен олтурган жерде олтурмак. Азыркы камалып жаткан чиновниктердин жаны таттуулугуна, заматта ооруп калганына таң калып жатам. Мен оорубай эле спорт менен машыгып, булчуңдарды чыгарып чыкпадымбы. Террористтер деп жабык режимди кылган ушул. Ал жакта муну менен сүйлөшчү адамдар аябай көп, өлтүрүп коюшу да мүмкүн.

– Эмне, Атамбаев зонага барып калса сиздей болуп авторитет боло албайбы?

– Мен террорист дегендердин арасында жүрүп, 3 жолу амир бол деген сунуш түшкөндө болбой койгом. Амир каралардын тили менен айтканда положенец. Атамбаев мага окшоп авторитет боло албайт. Керек болсо Атамбаевдин кыйын деген Эркин Мамбеталиеви дагы “Закрывашкада” олтурган.

– Атамбаевдин учурунда камалып чыккандар “Коркпой эле бара бер, ал жакта дагы жашоо бар. Сизге эч кимди тийгиздирбейсиз” деп жатышат. Сиз дагы Атамбаев абакка тушүп калса колуңуздан келишинче коргойсузбу?

– Атамбаевди коргобой калдым го. Коргогум дагы келбейт. Мага аябай көп жамандык кылды. 7-апрелде ушул адамдын азабынан бир тууган тайкем ок тийип каза болду. Телефон чалсам “Сен мага чалбай жүр” деп ороңдогон. Мен сизден коркконум үчүн чалган жокмун, менин тайкемдин каны, 33 нарындык жердешимдин каны менен бийликке келдиңиз, оозуңузга карап сүйлөңүз деп телефонду өчүрүп койгом. Бул жакшылыкты эч качан түшүнбөгөн орой, зулум неме экен. Мен дагы жакшылык кылбайм. Түрмөгө барса кыргыз эли бир сасыткыдан арылабыз.

Маектешкен: Т.Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *