Нурлан Шакиев, экс-министр, коомдук ишмер: “Мажирөө, өз көлөкөсүнөн корккон парламент канчалык эрте тараса, өлкө үчүн ошончолук утуш болот”

Экс-министр, коомдук ишмер Нурлан Шакиев менен маек

– Өткөн жуманын маанилүү окуясы Конституциянын түпнускасынын жоголушу болду окшойт. Бул нерсени сиз кандай кабыл алдыңыз?

– Башмыйзамдын түп нускасы жоголгондугу – мамлекетте тартип жок дегенди билдирет да. Негизги баш мыйзамыбыздын түп нускасын табалбай, башаламан мезгилде, ырааттуу тартип жок абалда жашап атканыбызды айгинелеп алдык. Бул абдан уят иш. Эми муну уккан дүйнө коомчулугу, аттуу-баштуу эл аралык уюмдар кыргыз мамлекетине кандай көз салышаар экен? Азыр интернеттин өнүккөн заманы, алыскы бир өлкөдө дарактын учу кыймылдаса бир заматта дүйнө жүзүнө шамалдын эпкини келип атпайбы. Анын сыңарындай, бизде болуп аткан окуялар эчак эле дүйнө аралап кетти. Башка мамлекеттер бул нерсеге шылдыңдоо менен карашары турган иш. Албетте, мамлекеттин абройу үчүн  абдан кейиштүү. Менин көз карашым боюнча, түп нусканы атайын жоготуулары да мүмкүн. Кандай болгондо да абдан чоң шалаакылык, жоопкерчиликсиздикке жол беришти.

– Эми түп нуска кимден чыга калат дегенсип, бийлик бутагындагылар бири биринен көрө баштады. Негизи аны сактоо кимдин милдети, жоголушуна да ким айыптуу болушу керек деп ойлойсуз?

– Президенттик администрациянын канцеляриясында, же Конституциялык палатада сакталышы керек эле деп айтып атышат го. Бирок, бул эки мекемеден тең табылбаптыр. Демек, мыйзам боюнча кайсы жерде сакталууга тийиш болсо, ошол жердегилер жоопкерчилик тартышы керек. Тийиштүү жактардын шалаакылыгын мыйзам чегинде карап, укуктук баа беришсин.

– Туп нуска жок болсо, Конституцияны өзгөртүүгө болбойт деп атышат, бирок ошол эле учурда референдум 11-декабрга белгиленип калды. Бул жагы кандай болот?

– Биздин өлкөдө акыркы убактарда таң кала турган эч нерсе калбады. Бардык нерсе болот жана болушу толук мүмкүн деген гана түшүнүк жашап калгансыйт. Орустар айтмакчы “против лома нет приёма” болуп атпайбы. Мен дайым эле айтып келатам. Башмыйзамдын өзгөртүлүшүнө каршы эмесмин. Кыяматка чейин өзгөртүлбөй турган ыйык Курандан башка бул жашоодо өзгөрүүгө туш келбеген нерсе жок. Башмыйзам Куран сыяктуу ыйык эмес. Ошончолук эле зарыл болуп атса, өзгөртсө өзгөртүшсүн. Бирок, баары мыйзам чегинде, өз эрежелери так сакталып жасалса туура болмок. Түп нуска болбосо референдум да өтпөш керек деп юристтер айтып атышпайбы. Мыйзам чегинде ошондой талап болсо, анда токтотуш керек. Алдыга жылабыз, өнүгөбүз десек мыйзамдын изи менен басып, мыйзамдын тили менен сүйлөгөнгө көнүшүбүз кажет. Антпей эле, бул жакта түп нуска табылбай атса, тигил жагынан чыга калып референдум өткөрүп жиберсек мыйзам тууралуу сөз кылбай эле коюшубуз  болот го.

– Атайын жоготуулары да мүмкүн деп калдыңыз, бул кимге керек? Өзгөрүүгө каршы чыгып аткан ошол эле Текебаевдин кызыкчылыгындагы нерсе эмеспи?

– Колунан кармап албагандан кийин андай-мындай деп божомолдоп айтыш кыйын… 2010-жылдагы өткөрүлгөн референдумдан соң жаңы кабыл алынган Конституциянын түп нускасына кол коюлганда ал кимдин колунда калган? Бул суроого жооптуу мына ошол адамдар билишет.

– Коомчулукта “парламент тарайт экен” деген сөздөр кайра башталды. Кандай ойлойсуз, тарашы мүмкүнбү?

– Бүгүнкү парламент Кыргыз Республикасынын тарыхындагы эң бечел, эң бир чөнтөк парламент болуп калаарын ишмердүүлүгүн жүргүзгөн бир жыл ичинде эле тастыктап беришти. Азыр биз шарттуу түрдө болсо да парламенттик башкарууда жашап атпайбызбы. Парламенттик башкаруу болгондон кийин парламент мурдагы чакырылыштардан да күчтүү, чечкиндүү болушу керек эле. Бирок, кандай парламентке ээ болуп калдык? Баары тескерисинче болбодубу. Мажирөө, өз көлөкөсүнөн корккон парламент экенине күн сайын ынанып атып, азыр таң калбай деле калдык. Өз пикири, өз чечими жок парламент кантип өлкөнү парламенттик башкарууга баштай алсын? Ошондуктан, алар канчалык эрте тарашса, ошончолук өлкө үчүн утуш болот. Жашырбай айтканда, Жогорку Кеңеште 120 депутат бар делгени менен 7 эле депутат олтургандай. Жети депутаттын гана чечими, пикири орун алат. Алар – алты фракциянын лидерлери жана спикер. Калган 113 депутат жетөөсүнүн куурчагы. Кайда десе ошол жакка барышат, “бас” деген кнопканы басып, айт деген сөздү кайталашат. Бул коомчулукка белгилүү эле болуп калды. Анан дагы депутаттардын басымдуу бөлүгү мурда-кийин мамлекеттик кызматтарда иштеп көрбөгөн, мыйзам чыгаруу жаатына жолобогон ишкерлер, коммерсанттар болуп атпайбы.

– Кандай болгондо да бул парламентти өзүбүз шайладык. Буларды таратып, кайра шайлоо кылганда деле кайра эле акчалуулар келип алышпайбы?

– Жок, не болсо да азыркыдан жакшыраак болот. Анткени, эл көрдү, өздөрүнүн катачылыгын тереңине жеткире түшүнүштү. Бир түшкөн аңга кайра-кайра түшө берүүнү ким кааласын деп ойлойм. Бир гана нерсе мени өкүндүрөт, биз барган сайын шайлоого кайдыгер мамиле жасоодон арылып, келечегибизге тунук көз менен карап калгандын ордуна, жердешчилик, тууганчылыкка басым жасап баштадык. Эң башкысы акчага алданып, мамлекеттин, демек ошол мамлекетте жашап аткан соң өзүбүздүн келечегибизди аныктай турган добушту акчага баалап, сатмайга терең кирип баратабыз. Негизи эреже боюнча шайлоодо ат салышып атышкан саясий партиялардын ортосунда көз караштардын, идеялардын, программалардын жарышы болушу керек эле. А бизде кандай жарыш болот? Баары теңирден тескери экени жалганбы? Шайлоо деген акчанын, байлыктын жарышы болуп калды го. Азыр көпчүлүк депутаттардын билим деңгээли, кызматтык тажрыйбасы абдан төмөн. Жеке ишкерлик менен шугулданып, акча жыйнап алгандар анын күчү менен эле парламенттен орун ээлеп отуруп калышты. Жеке ишкерликтеги тажрыйба башка, а мамлекетти башкаруу башка нерсе да. Ошондуктан, парламенттик шайлоону депутаттардын жарымын партиялык тизме, жарымын бир мандаттуу округдардан шайлоо менен өткөрүү зарыл экенин убакыт көрсөтүп койду. Антпесе, партиялык тизме менен акчалуулар алдыга жылып кетишет экен да, жыйынтыгында эч нерсени чече албаган, мыйзам чыгаруу жаатын түшүнө бербеген эл өкүлдөрүнө ээ болуп калат экенбиз. Ошолордун жок дегенде жарымы бир мандаттуу округ менен шайланып келишсе, көз карандысыз, күчтүү депутаттар да бар болот болчу. Экинчи жагынан жергиликтүү көйгөйлөр да көңүл сыртында калбайт эле. Партия жер-жерлердеги маселелерге анчалык көнүл бөлө бербейт экен.

– КСДП фракциясынын чыгышы менен башкаруу коалициясы ыдырады. Бул менен КСДПнын утаары эмне?

– Кыргызда жакшы макал бар “Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса” деген. Азыр КСДП качан, кандай кылышты өзү билет. Өкмөткө туруктуу иштөөгө мүмкүнчүлүк берилбесе кайдагы экономикалык өсүш тууралуу кеп кылууга болот? Экономика туруктуулукту сүйөт. Саясаттагы туруксуздук, айрыкча аткаруу бийлигиндеги туруксуздук өлкөнүн өсүшүнө, реформалардын жүргүзүлүшүнө терс таасирин берет да. Азыр КСДПны чыгарып, коалицияны ыдыратышканы менен кайра эле өздөрү каалагандай коалиция түзүшөт. Элдин мүдөөсү, коомчулуктун ой-пикири адаттагыдай эле эске алынбайт.

– Сиздин божомолуңузда жаңы коалиция кандай түзүлүшү мүмкүн?

– “Ата Мекен”, “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларынан башка төрт фракция биригишет. Бул акыркы кездери айтылып, күтүлүп эле аткан көрүнүш болчу. Өкмөттүн курамында олуттуу өзгөрүү деле болбойт. Ашып кетсе үч-төрт министр алмашары белгилүү болуп калды. Булар “Ата Мекен” менен “Өнүгүүнүн” энчисинде турган, ошолорго тийиштүүлөр башкарган министрликтер. Андан тышкары премьер-министрдин орун басарларынан да бир-экөөсү алмашышы мүмкүн.

Гүлмайрам Турусбекова

Булак: “Майдан. kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *