Нурмагомедовдун атасы Конор менен Хабибдин реваншына ири суммадагы акча сурады

20-январда РИА-Новости билдиргендей, UFCнин жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов ирландиялык Конор Макгрегор менен реваншка 100 млн доллар берилсе, макул экен. Бул сөздөрдү атасы Абдулманап айтып чыкты.

“Кимге ал таймаш керек болсо, 100 млн доллар сайгыла. Ошондо макул болобуз”. – деди ал. Хабиб Конорду 2018-жылдын октябрында жеңип алган эле. Ал эми Конор Хабиб менен Москвада мушташканга даяр экенин жашырбай келет.

Бул сөздөр 19-январда Конор Макгрегор америкалык Дональд Серронени 40-секундда техникалык нокаут менен уткандан кийин чыга баштады. Ошондо UFCнин президенти Дэйн Уайт: “Хабиб Конор менен беттешке чыксын, ал таймаш орус мушкерине да керек, мураска калат, биринчи таймашты бекер утпаганын далилдей алат” деген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *