Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлөсү кымбат баалуу машиналардын коллекциясынын бир бөлүгүн сатууга койду

Сүрөт: Бул машиналардын сүрөтү «Kz.media» сайтынан алынды.

Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлөсү кымбат баалуу машиналардын коллекциясынын бир бөлүгүн сатыкка койду. Бул тууралуу  «Kz.media» сайты жазып чыкты.

Алардын маалыматына караганда, 9 уникалдуу, кымбат, баалуу машиналар Нью-Йорк шаарында сатыкка чыгат. Жалпы 13 млн долларга бааланган. Бул баштапкы гана баа экени айтылууда. Аукцион алгач декабрдын аягына пландалып, кайра 2020-жылдын биринчи кварталынын аягына жылып калган.

Сатыкка коюлуп жаткан машиналар төмөндө:

1.Ferrari F40;

2.Ferrari Testarossa;

3.Бугатти Вейрон;

4.Ламборджини Миура;

5.Lamborghini Murcielago;

6.Ламборджини Урус;

7.Koenigsegg Agera S;

8.Pagani Zonda;

9.Альфа Ромео 8С.

Ушак-айыңдарга караганда, бул баалуу машиналар Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаевага таандык.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *