Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Нуржан Шайлдабекова: «Жогорку Кеңешке кайрадан шайлоо 20-декабрда өткөрүлүшү мүмкүн»
Саясат

Нуржан Шайлдабекова: “Жогорку Кеңешке кайрадан шайлоо 20-декабрда өткөрүлүшү мүмкүн”

Кайра парламенттик шайлоо 20-декабрга белгилениши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда журналисттерге БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңешке кайталап шайлоолор эки айдын ичинде өткөрүлүп, 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылган күндөн тартып бир айдын ичинде белгилениши керек.

Эскерте кетсек, 6-октябрда Бишкекте массалык башаламандыктардан кийин БШК шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табууга аргасыз болгон.

БШКнын башчысы белгилегендей, жаңы шайлоо декабрь айында белгиленет.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт