ӨКМ: Бишкек-Ош унаа жолу менен алыскы сапарга чыкпоону эскертебиз

2018-жылдын 14-март күнү саат 12:40га карата Бишкек-Ош унаа жолу жабык. Тактап айтканда 13-март күнү саат 22:40да 246-чакырымга (Көчкү-Булак тилкеси) жалпы көлөмү 2,5 млн м3 анын ичинен унаа жолго 144 миң м3 кар көчкү түшкөн. Кар көчкүнүн туурасы 200 метр, узундугу 250 метр, бийиктиги 50 метр. Учурда унаа жолду тазалоого КР ӨКМ 41 куткаруучусу, ЖТИден 4 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Камбар-Ата-ГЭСтен кошумча 1 бульдозер тартуу маселеси каралууда.

Мындан сырткары, ӨКМдин алдындагы Кризистик кырдаладарды башкаруу борборунан Көчмө кыймылдуу пунктусу, ӨКМ Жалал-Абад облусутук башкармалыгынан ыкчам топ тартылган. Министр Кубатбек Бороновдун буйругунун негизинде, кар көчкүнүн кесепетин жоюу иш-аракеттерин координациялоо үчүн министрдин орун басары Давлетбек Алимбеков жеринде жүрөт.

Токтогул районунун “Арал” постунда 2 чатыр,  Жайыл районунун “Сосновка” постунда 2 мобилдик турак үйдө,  Талас районунун Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-чакырымында (Өтмөк ашуусу) 1 чатыр тигилип жүргүнчүлөргө ысык чай, тамак-аш уюштурулган. Ошондой эле Талас районунун Талды-Булак айылында жүргүнчүлөргө ысык чай, тамак-аш уюштурулган. 

Азыркы учурда Сосновка постунда 100 оор жүк ташуучу, Арал постунда 40 оор жүк ташуучу, 50 жеңил унаалар турат. Ал эми Өтмөк ашуусуна бурулган жерде  60 оор жүк ташуучу, 30 жеңил унаалар турат (Ошту көздөй бараткан унаалар). Жайыл районунун Сосновка постунан Таласты көздөй унаалар өткөрүлүп, түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп  жатат. Жайыл районунун Сосновка постунан Таласты көздөй унаалар өткөрүлүп жатат.

Кар көчкү толугу менен тазаланмайынча, Бишкек-Ош унаа жолу ачылбайт, андыктан жүргүнчүлөргө Бишкек-Ош унаа жолу менен алыскы сапарга чыкпоону эскертебиз.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *