ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын өздүк курамына командирдик сабактар башталды

КРнын ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгы 2021-жылдын кышкы окуу жылына карата атайын даярдоо иш-чаралар пландалып, тактикалык-саптык сабакты өткөрүү боюнча окутуу иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуу кечээ, 12-январда башталды.

Бул окууга КРнын ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгы, Баткен шаардык жана Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамдары катышууда.

2021-жылдын кышкы окуу жылына командирдик, күжүрмөн жана атайын даярдык сабактарын уюштуруу жөнүндө” буйруктун негизинде түзүлгөн иш-чаралар боюнча иш алып барылат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *