Өкмөт башчы көчмөндөр оюндары өтүүчү объектилерди оңдоого буйрук берди

Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрө турган уюштуруу комитетинин даярдыгы менен таанышты.

– Көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлүүчү спорттук мелдештер, маданий иш-чаралар улуттук маданияттын сакталышына жана өнүгүшүнө багытталган. Биз дагы бир жолу дүйнөгө өзүбүздүн маданиятыбыздын байлыгын, жаратылышыбыздын кооздугун көрсөтүшүбүз керек. Бул жолку Улуттук көчмөндөр оюндарын Талас облусунда өткөрүү чечилген, – деди өкмөт башчы.

Оюндар Талас шаарынын ипподромунда жана улуттук «Манас-Ордо» комплексинде өтүп, анын жанында этнобазар уюштурулат.

Жыйында оюндар өтчү жерлерди жана башка инфратүзүм объектилерин оңдоп-түзөө маселелери да талкууланды.

Булак: «Мантыш»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *