Өкмөт мүчөлөрү жана аппараттын кызматкерлери бет капсыз түшкөн сүрөтү үчүн 140 миң сомго айыпка жыгылды

Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵл борбору өкмөттүн мүчөлөрүн бет капсыз жана аралыкты сактабастан сүрөткө түшкөндүгү үчүн 140 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда аталган борбордун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 28 адам айыпка жыгылган. Алардын ичинде: премьер-министр Кубатбек Боронов, мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, вице-премьер-министр Аида Исмаилова, вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, бөлүм башчылар ж.б. айып пул төлөшөт.

Алардын ар бирине “Бузуулар” жөнүндө кодексинин 150-б. 1-б. ылайык, 5 миң сомдон айып пул салынган.

Белгилей кетсек, 17-июнда, Өкмөт үйүндө КР премьер-министринин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү расмий иш-чарасы өткөн. Анда Мухаммедкалый Абылгазиев Кубатбек Бороновго кызматын өткөрүп берген.

Социалдык тармактардын колдонуучулары ​​өкмөттүн мүчөлөрүнүн, ошондой эле мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди жана министрлер кабинетинин башчылыгына дайындалган Кубатбек Бороновду аралык сактабагандыгы жана бет капсыз жүргөнү үчүн катуу сынга алышкан.

19-июнда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды талкуулаган чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков социалдык дистанцияны сактабай, бет капсыз сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрү айып пул төлөшү керектигин баса белгилеген.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *