Өкмөт реформа жасоого качан киришет?

Азыркы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев реформа кылуудан куржалак калган киши окшойт, айтайын дегеним, иштегенине бир жылдан ашып калса дагы реформанын аты түгүл жыты жок. Себептери арбын.

Маселен, энергетика тармагы өлкөдөгү бирден-бир стратегиялык тармак болгондуктан, өкмөттүн көз карашы өзгөчө болуш керек эле. Атамбаев, Артыкбаев дегендер «Энергохолдинг» аттуу өзүн-өзү актабаган коррупциялык тармак түзгөнү канча айтылды? Ошого карабай азыр дагы ал жакка көңүл бурулбай келет, каралбаганын ушундан бил, «Энергохолдингдин» башына Атамбаевдин тушунда мөңгүлөрдү талкалоого уруксат берүүгө абдан чоң салым кошкон жана бул эмгеги үчүн орден алган, энергетикалык базовый билими жок Айтмамат Назаров деген эргулду алып барып отургузушту. М.Абылгазиев ээрге отурганда эле ушул тармакты реформа жасоодон баштап, ортодогу алып-сатар фирмаларды жоюп, коммерциялык жоготууларды дагы кыйла азайтып, мурунку министрлик макамын берип, ордуна коюш керек эле. Тилекке каршы, анте алган жок. Ал «Жогорку Кеңешке өкмөттүн жаңыланган структурасын алып келем» деген эле, кыш өттү, жаз өттү, эми жай келди, баягы сөз берген өкмөттүн структурасынан дайын жок.

Мамлекеттик мекемелерде 30 пайыздык кыскартуулар жүрдү, бирок натыйжалуу кыскартууга барышкан жок, кыскартуу десе эле эң ылдый жактагы болбогон акча алып иштеп жүргөн бечараларды кыскартып тынышты. Өкмөт башчы болгондон кийин ар бир мекеме, ишканалардын жетекчилеринен штаттык расписаниесин сурап, тыкыр карап, кыскартуу реформасын толук кандуу бүтүрүш керек эле. Өкмөт бул ишти дагы Чапаевдик метод менен жүргүздү. Айталы, министрликтерде, комитеттерде, агенттиктерде жана башка мекеме, ишканаларда статс-катчысын кошпогондо, эки-үчтөн жетекчилердин орун басарлары бар, мына ушуларды оптималдаштырып, бир эле орун басарды калтырып, керек болсо статс-катчыны деле жоюп жиберсе болот эле, алардын натыйжалуу башкаруусу деле жыйынтык берген жок. Кечээ жакында президент өкмөт башчы менен жолукканда деле айтпадыбы, «бюджеттин чыгаша бөлүгүн катуу көзөмөлгө алып, кыскарткыла» деп. Президент айтмайын эле күтүп отура бериш керекпи?

Кумтөр маселесине келсек, өкмөттө кеп болбоду беле, «Сапар Исаков мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбеген шартта келишимге барыптыр, мен муну карап чыгып, мамлекеттин кызыкчылыгына шайкеш келтирем» дегеничи? Андан бери бир жылдан ашык убакыт өттү. Натыйжада, будалактап депутаттар каникулга тараганы жатканда, Кумтөр маселесин Жогорку Кеңештин профилдик комитетине алып келишип, аны дагы өкмөт башчы Абылгазиев суранып, жабык эшик артында талкуулап карап чыгууну сунуштады. Ошондо бир дагы депутат «ой, элден эмнени жашырабыз, келгиле ачык
эле талкуулайлы» деген жок, анткендин ордуна былтыйып отуруп беришти. Кумтөр маселеси эң оор маселе, аны жаап-жашыруу акылга сыйбайт! Ошон үчүн президент, өкмөт башчы жана башка жетекчилер элге болгонун болгондой айтышып, түшүндүрүп, ушул балакеттен кантип чыгуунун жолун издешип, мыкты билгендерди тартышса болбойт беле? Кумтөр маселесин кантип чечүүнүн жолун жазып дагы, айтып дагы берип жатышат, буга азыркы бийлик кулак кагып койдубу? Тескерисинче, өзүм билемдик кылып жатышат. Аман-эсен турсак, бул бийликтин кантип чечкендерин көрөбүз го. Кечээ «урандан 35 миллион доллар табат экенбиз» деп ойлонбой уруксат бере коюшуп, эмне болушту? «КТ Мобайлды» айтпай эле коёлу. Өкмөт ушундай катачылыктарды биринин артынан бирин кыла берсе, анан кандай реформа кылат?

Иш жүзүндө бир жактуу ой жүгүртүүдөн деле алыспыз. Маселен, азыркы өкмөттө иштеп жаткан мыкты тажрыйбалуу инсандар деле бар: Д.Догоев, У.Кочкоров жана Ч.Айдарбеков… Булар жылуу пикир жаратууда. Аныгында, президент Сооронбай Жээнбеков дал ушундай идиректүү кадрларды эл ичинен сууруп чыгып, иштетүүгө шарт түзсө, азыр да кеч эмес. Эл, мамлекет үчүн кам көрсөк, эртең тарых баасын бермек…

Болуш Султанов

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *