Өкмөт жаратылыш кырсыктарын алдын алууга өзгөчө көңүл бурушу керек

Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин “Ар кыл маселелер” саатында эл өкүлдөрү жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерине токтолушту. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Депутат Бакирдин Субанбеков Чүй облусунун Жайыл районунда коллектордук- дренаждык тутумдар тазаланбай, жер астынан суу көтөрүлүп, тамдардан жаракалар кетип жергиликтүү тургундарга бир топ көйгөйлөр жаралып жатканына токтолду.

Жалал-Абаддын Арсланбап, Аксы, Көк-Арт өрөөндөрүндө жаңгак токойлору өсөт. Бирок жаңгак уюлу үчүн бир топ жаңгак дарактары кыйылып кеткен. Алардын ордуларына көчөт отургузуу иштери колго алынбагандай. Бул тууралуу маселе көтөргөн депутат Алмазбек Эргешов токой массиви бир катар жаратылыш кырсыктарын алдын аларын белгилеп, тиешелүү мекемелердин токойлорду өнүктүрүү жаатындагы план-программасына кызыкты.

Депутат Алтынбек Жунус уулу Нарын облусунун Нарын районундагы Кара-Кужур айыл өкмөтүнө караштуу Лахол, Жер-Көчкү айылдарынын көйгөйлөрүн тизмектеди. Анын айтымында, аталган эки айылга бара турган жолдогу көпүрө өтө оор абалда. Жүк ташыган автоунаалар бул көпүрөгө келгенде жүктөрүн бөлүп-бүлүп ташууга аргасыз. Болбосо көпүрө түшүп кетүүсү толук мүмкүн. Кышы катаал бул аймакка көмүр ташууда дагы ушундай көйгөй. Мындан сырткары, бул айыл аймагында таза суунун жоктугунан бөйрөк, боор оорулары көп кездеше баштаган.

Жаратылыш кырсыктары боюнча сөз улаган депутат Умбеталы Кадыралиев 2009-жылы 16 адамдын өмүрүн алган Жалал-Абад облусундагы Райкомол айылындагы жер көчкүнү эске салып, жаан-чачындын көп болушунан улам бул аймакта дагы жер көчкү жүрүү коркунучу бар экенин баса белгиледи. Эл өкүлү тиешелүү министрликтердин кызматкерлери мониторинг жүргүзүп, алдын алуу иштерин жүргүзүшүн өтүндү.

Ушул эле Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жер көчкүдөн улам 180 кожолукту Ноокен районунун аймагынан бөлүнгөн жерге көчүрүү маселеси чечилген. Депутат Таалайбек Масабиров эми бул жерге элдин жашоосуна тиешелүү шарттарды түзүп берүүнү колго алуу керектигин аткаруу бийлигине багыттады.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *