Өкмөттүн чабалдыгы экономиканы кыйратканы калды

Россия жыл башынан бери Кыргызстандан барган 294 тонна жашылча менен мөмө-жемишти артка кайтарды. Өткөн жумада эле Россия 43 тонна жашылча жана жемишти киргизген жок. Буга чейин Казакстан да 47 жолу азык-түлүктү Бишкекке кайра жөнөткөн. Буга товарлардын фитосанитардык сертификаттары талапка жооп бербей турганы негизги жүйө катары айтылууда. Кыргызстандын тийиштүү органдары болсо ЕАЭЗдин талаптары тууралуу ишкерлерге эскертип жатканын айтышып, алакан жайгандан башкага жарабай жатышат. Ал түгүл, Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине караштуу Фитосанитардык жана карантиндик департаменттин жетекчисинин орун басары Болот Жуманалиев буга ишкерлердин өздөрүн күнөөлөдү. Ал эми расмий эсепте быйыл январь-апрель айларында Кыргызстандын ЕАЭБден кирген импорту көбөйүп, экспорту азайып кетти. Быйыл төрт айда Орусияга 102 миллион долларга товар экспорттолсо, 351 миллион долларлык товар импорттолгон. Көрүнүп тургандай, импорт экспорттон 3 эсе көптүк кылууда. Өкмөт болсо жагдайды жөнгө сала албай чабалдык кылууда. Сыягы, мындай темп менен өлкө экономикасы кургуйга кулай турганы көрүнүп калды…

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *