Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Бүгүн, 15-апрель күнү Жогорку Кеңеште вице-премьер-министр Аида Исмаилова жана Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов ант берди.

Жаңы министрлердин антын Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алды.

“Ант берген өкмөттүн жаңы мүчөлөрү өз милдетиңерге эң жооптуу учурда киришип жатасыңар. Азыр ар бир саат кымбат. Берген антыңарга бекем туруп, болгон аракетиңерди, билимиңерди, тажрыйбаңарды элге кызмат кылуу үчүн жумшайсыңар деп ишенебиз. Силерге ийгилик каалайм” – деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков.

Белгилей кетсек, Аида Исмаилова менен Сабиржан Абдикаримов кызмат ордуларына 1-апрель күнү дайындалышкан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *