Окуучуларды үйүнө чакыртып окуткан мугалимге министр айлыгына ноутбук сатып алып, белек кылды

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков айлык маянасына ноутбук сатып алып, Баткен районундагы Муса Кадыр атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Миргүл Эшимовага белек кылды.

Бүгүн, 10-сентябрда Баткен облусунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов мугалимге ноутбук тапшырды. Өз кезегинде мугалим министрге белеги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Эскерте кетсек, эки күн мурун социалдык тармактарда үйдө окуган балдардын сүрөтү жарыяланган.

Маалыматка ылайык, окуучулар менен кайтарым байланышты уюштуруу учурунда, ата-энелер бир катар суроолорду беришкен жана алар мугалимден жардам сурашкан, ошондуктан 2-сентябрда мугалим окуучуларды үйүнө чакырып, кайтарым байланыш кандайча иштей тургандыгын иш жүзүндө көрсөтүп берген. Сабактын жүрүшүндө мугалим окуучуларды социалдык аралыкка карап отургузуп, баарына беткапчан жүрүүнү түшүндүрүп берген. Сабак 15 мүнөткө созулуп, андан кийин бардык сабактар ​​алыстан өткөрүлүп келет.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *