Олигарх тынч жатпай калсын

Боорду эзип сүйлөгөн бир киши жакындан бери пайда болду аренада Нариман Түлеев деген. Көрсө кызматы жок, эски көйнөкчөн бозала болуп отурган кезде Курманбек Бакиевге ме, үстүңү жаңыртып ал деп жашылбайлардан колуна бурдатып койгонун Накең өз оозу менен айтты мактанып. Эгерде президент болорун билгенде ашыра колдомокмун да деп каткыра күлөт,жолуң болгур. Бирок, мындай осолдугун көргөн КурСалиевичтин үкалари тишин кайрап жатканы деле апыртмалуу эмес. Дүнүйөкорлуктан башканы билбеген чарбакер ошентип эркин болсо дырдыңдап кетерин баары эле байкоого акыбалы жетет. Кызыгы, мурда байкелеп жүргөндөр учурда кеткен ажону уйпалап коем дегени өзүнө айгак болбосо экен…
Лидер эмес, олигарх гана атка конуп калган өмүрбек Бабановдун да колтугундагы “жүндөр” кыбырай баштаганы эмнеден кабар берет ыя?

Чамасы табигый таза эттин даамын сагынып, күн жылыган соң кыймылга келсемби дегендей шыбырт жаралганы жөн жерден эместир? Мунусун парламентте отурган депутат Кенжебек Бокоевдин коңгуроосу далил катары каралып жатканына коомчулук кулак төшөгөн кези. -Бабановду колдогон 600 миң адам эмес,анын 100 миңи чыкса өлкө кандай абалга кептелет деп ийри суроону түздөгөнү кай себептен чыкты? Түшүнгөн кишиге мындай сөздүн парламентте айтылышы кооптуу көрүнөрү аштан бышык. Ал тургай “Бабановду коргоо комитетин” уюштуруучулар болорун да түтөтүп жатышканы ого бетер күдүктөнтөт. Кээ бир колдоочулары да нааразылык “акцияларын” баштап жиберчүдөй түрүн айгинелешүүдө. Ким билет, балким Бабанов чет жактагы билермандар менен сырдашып, козголгусу келип жаткандыр? Анткени байлыгынын баары кыргызстанда калбады беле? Анысын бирөөгө балээни ыраа көрөбү? Эмнеси болсо да шойкомдуу нерселер элди аралай баштаганы кооптондуруп жатканы деле ырас. Тынч эле оокатыбызды өткөрсөк болду…

Булак: Ачык Сөз

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *