Өлкөдө коронавирус жана пневмония илдети дагы 28 адамдын өмүрүн алды. Жалпы саны 1329

Бүгүн, 28-июлга карата Кыргызстанда бир суткада коронавирус инфекциясынан жана пневмониядан 28 адам каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова онлайн-брифинг учурунда билдирди.

Бишкек шаары – 10

Ош шаары – 1

Чүй облусу – 2

Ош облусу – 1

Талас облусу – 1

Нарын облусу – 2

Ысык-Көл облусу – 2

Жалал-Абад облусу – 9

Муну менен өлкөдө каза болгондордун жалпы саны 1329.

Эскерте кетсек, бүгүн Республикада коронавирус жана пневмония илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 33 миң 844. Ал эми бул илдеттен 22 296 адам айыгып, ооруканалардан чыгарылды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *