Өлкөдө март айынан бери 54 адам пневмониядан каза болгон, анын ичинде 48и Бишкектен

Кыргызстанда март айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин пневмониядан 54 адам каза болду. Анын арасында 48и Бишкек шаарында катталган. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, ушул убакыт аралыгында пневмония менен ооруган 1 миң 145 учур катталган.

“564 адам айыгып, учурда 525 бейтап ооруканаларда жатат. Анын ичинен Бишкекте 408 адам ” – деп билдирди Сабиржан Абдикаримов.

Борбордо пневмония менен ооруган адамдар үчүн 761 керебет даярдалган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *