Видео – Өлкөдөгү өзгөчө кырдаал режими качан алынат? – Министрликтин жообу

“Коронавирус пандемиясы башталгандан бери эле, “кандай божомол”, “кандай прогноз” бересиңер деп, көптөгөн суроолор болуп жатат” – деп билдирди бүгүн, 13-майда КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

“Божомолдун кыска болгону оң болот. Узак мөөнөттүү божомолдорду түзүү өтө кыйын. Биз эпидемиологиялык абалдын туруктуулугун айтып келе жатабыз. Эгерде ушундай абалды сактап кала турган болсок, вирусту жугузуп алгандардын саны азайганда гана, өзгөчө кырдаалдар режимин алсыратууну же толугу менен жоюу тууралуу сүйлөшсөк болот” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *