Өлкөнүн экономикасын балык менен көтөрүү жагы ыңгайлуу болуп турат

Ильгиз Сарылдык уулу мындан бир жыл мурун Панфилов районуна караштуу Вознесеновка айылында табыгий көлмөнү сатып алып, ал жерге балык чарбасын өздөштүрүп баштаган экен. Бүгүнкү күндө Тянь-Шань форелдери алды сатыкка даяр болуп калганын жана майда чабактары биринин артынан бири чоңоюп жатканын өз көзүбүз менен көрүп кайттык.

– Ильгиз, эмнеге башка бизнес эмес балык жагына багыт алдың?

– Форель боюнча башыма иш түшөт деп эч качан ойлогон эмесмин. Мындан эки жыл мурун Россия жана Европа мамлекеттерине барганымда балык чарбасы, анын ичинде форель балыгын өстүрүү, сатуу бизнеси абдан пайдалуу жана кирешелүүлүгүнө толугу менен көзүм жетип, анан ушу ишке батыл киришип кеттим. Ал эми биз турган жерди атайын тандап алдым. Кирген суусу, чыга турган жери, терендиги 10-15 метр, температурасы жайдын ысык күнүндө 17-18 градустан ашпай, кышкысын 8 градус жылуу, бул форель балыгы үчүн абдан ыңгайлуу шарт экен.

– Башкы капитал болмоюн ишти бапггоо өтө опурталдуу болсо керек, канча акча короду, кайдан табылды?

– Албетте, баштапкы капитал болмоюн бир да бизнес өз ишин баштабайт. Азыркыга чейин акча салып атабыз. 800 миңге жакын АКШ доллары салынды. Анын 350 миң долларын кредит алдым. Калганын үй-жайыбызды саттык, достор жардам беришти.

– Качан актагыдай, уйкуң тынч элеби?

– Эки жылга жетпеген убакытга акталат деген ишенимим бар. Анткени, ар бир балыктын уругун бир сомдон апкелебиз. Аны чоңойтуп, бир килодон кем эмес салмакта 350-400 сомдон сатабыз. Форель чоңойгуча 150-200 сом кетсе да таза киреше ар бир балыктан 200 сомдон кем түшпөйт. А бизде жылына 100 тоннадан ашык балык өстүргөнгө толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Анан өзүңүз деле эсептеп көрсөңүз болот.

– Балыктын жемин кайдан аласыңар, кымбат болсо керек?

– Балык өстүргөн чарбалардын негизги көйгөйү ушунда болчу. Чабактардыкын бир килосун 250 сомдон, чоңоюп калгандарын 200 сомдон апкелип көп кыйналышчу. Азыр Россиядан биздин «Тянь-Шань форели» маркасында балык жемдерин базар баасынан кыйла төмөн баада апкелип атабыз. Дагы бир өзгөчөлүгү болуп биз апкелип аткан балык жемдери суунун түбүнө түшүп кетпейт, коромжу жокко тете.

– Торлор менен тосулган жерлериң бар экен…

– Балык короосунан (садок) бизде азырынча он экиси бар. Чабактары өзүнчө, сөөмөйдөй болуп калганы, чыканакка чейин болуп, ар бир короодо бери дегенде 100 миң балык бар.

– Форель балыгын тоо этектеп, мөңгү суусуна багышканын көрдүм эле…

– Туура айтасыз, бу жердин өзгөчөлүгү – суу булак сымал жердин алдынан муздак бойдон чыгып, ылдыйды көздөй агымы менен агып турат. Токтоп турган көлмөгө форель балыгы өспөйт, чоңойбойт, бир күн да жашабайт. Суу таптаза, саздыкындай эмес, аны лаборатория аркылуу текшергенбиз.

– Чарбаңда азыр канча жумушчу иштейт, айлык акылары канча?

– Азыр эле 15-20 жумушчу эмгектенет. Ар биринин кыла турган жумуштары бар. Бирөөсү үч маал тамагы менен камсыз кылса, бирөөсү саламаттыгына көз салып турат. Бирөө суу-инженердик жагын дегендей. Эң аз алганы 15 миң сом, 20 миң сом айлык алгандар бар.

– Балыктын уругун чабакка айлантуу жагын өзүңөр кыласыңарбы же?..

– Мурун биз бул процессти механикалык түрдө жасачубуз. Азыр атайын цех ачып, 400 миң урукту бир учурда чабакка айлантуучу аппарат сатып келип, жумушубуз кыйла жеңилдеп калды.

– Качан сатыкка чыга баштайт?

– 200 миңге жакын форель ушу күздө сатыкка чыгат. Аз калды. Калгандары кийинки жазда 400 миң форель даяр болот. Ошентип кете берет. Биз Россия менен сүйлөшүп жатабыз. Кардарлар келип кызыгып, «100 миң тоннадан ашык алып турабыз» деп атышат.

– Ушу бир эле көлмө менен чектелесиңби же дагы башка жерлерге кеңейтесиңби?

– Колдон келсе ар бир жети облуска ачсак деген ниет бар. Логистикалык борбор жөнүндө ойлоштуруп атам. Окутуу, үйрөтүү, жардам берүү жана алардын өстүргөн балыгын биз сатып алып, эл аралык стандартына кынаптап, чет жакага таркатуу… эми пландар көп, эгер мамлекет жардам берсе, бир эле форель менен өлкөнүн экономикасынын бир ыптасын көтөрүп койсо болот деген терең ишенимим да бар. Азырынча мамлекет бизге көз кырын сала элек.

Булак: ”Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *