Өлкөнүн күрөө тамырындай кызмат. Бюджет толбосо, кайдан курсак тоет?

Өлкөнүн бюджетин толтурууда гана эмес, экономикасында, социалдык чөйрөсүндө, алардын ырааттуу өнүгүүсүндө Мамлекеттик салык кызматынын ролу өзгөчө. Эгерде бул Кызматтын ишинде солгундуктар, үзгүлтүктөр пайда болсо, ал мамлекеттин милдеттүү социалдык кепилдиктеринин, экономикалык жака социалдык план-тапшырмалардын аткарылуусуна гана эмес, өлкөдөгү саясый туруктуулукка да терс таасирин тийгизерин практикадан көрүп келатабыз. Бул жагынан алганда, ачык айтылбаган, көрүнбөгөн, билинбеген менен Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн күрөө тамырын кармап, белгилүү деңгээлде саясый, психологиялык климатты түзүп турат десек апырткандык болбойт. Илгери советтик мезгилде “нан болсо, ыр да болот” деп айтылгандай, казынада каражат болбосо, өлкөдө кайдан саясый туруктуулук, экономикалык, социалдык өнүгүү болот?

Элибиздин календарлык жылда кандай иштегени биринчи кезекте бюджетке жыйналгандардан, түшүрүлгөндөрдөн көрүнөт. 2010-жылдын 27-июнунда жалпы элдик добуш берүүдө кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык, Кыргызстан социалдык мамлекет. Демек, айлыктар, пенсиялар, жөлөк пулдар көбөйтүлүп турушу, эл чарбасында социалдык инфратүзүмдөрдү жакшыртып, кеңейтүүгө артыкчылык берилүүсү зарыл. Ал аткарылууда, аны өткөн жылдан беркилер ырастайт. Өткөн күздөн бери мугалимдердин эмгек акылары 30 пайызга, ички иштер кызматкерлериники 40, мамлекеттик кызматкерлердин айрым категорияларындагылардыкы 40, пенсиялардын базалык бөлүгү 10-15, жөлөк пулдар 20 пайызга көбөйтүлдү. Элүүгө жакын мектептердин имараттары курулуп бүткөрүлүп пайдапанууга берилди. Мына ушулардын ишке ашырылышында мамлекеттик салык кызматынын ролу чоң болду. Мындай чаралар кезеги менен жылда ишке ашырылып турушу керек. Алар жыл бою тынбай тытына иштешип, мамлекеттин казынасын толтуруу боюнча берилген план-тапшырмаларды ийгиликтүү аткарып турушпаса, маяналар, пенсиялар жана жөлөк пулдар эмненин эсебинен көбөйтүлүп, социалдык инфратүзүмдөр эмненин эсебинен өнүктүрүлөт? Бюджетти бир гана салык кызматы толтурбайт деңизчи, ал туура, бирок анын дээрлик 80 пайызы салыктардан түзүлөт.

Мына ушулардын бардыгы салык тармагында иштегендерге эселенген милдет жана жоопкерчилик жүктөөдө. Анын үстүнө алар салыктарды төлөмдөрдү гана эмес, камсыздандыруу төгүмдөрүн да былтыркы жылдын 15-январынан тартып чогулта башташты. Булардан сырткары, жалпы саны 60 миңге жакын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин киреше-чыгашалары боюнча декларацияларын кабыл алышып, аларга талдоо да жүргүзүшөт. Жыл санап салыктардын жана төлөмдөрдүн, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн пландары да орто эсеп менен 10 пайыздан ашык көбөйүүдө. Маселен, 2019-жылдын салыгынын планы 83 млрд 978 млн сом, камсыздандыруу фондунуку 32 млрд 432 млн сом болсо, 2020-жылга салыктар жана төлөмдөр боюнча 93,7 млрд соом, ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 35,7 млрд сом план берилди.

Эмненин эсебинен жетишилди?

Мамлекеттик салык кызматындагы 2019-жылдын экинчи жарымындагы кескин өзгөрүүлөрдүн, жалпы эле жылдын ийгиликтүү жыйынтыкталышынын себептери эмнеде?

Буга адамдык фактордун активдештирилишинде деп кыска жана так жооп берүүгө болот. Кызматтын жетекчиси Кабыл Абдалиев келгенден кийин уюштуруу, кызматкерлерди иштин түпкү натыйжасына кызыктыруу, талапты жана көзөмөлдү жакшыртып, алдыңкы ыкмаларды кеңири киргизүү, көмүскөдөгү экономиканын бир бөлүгүн ачыкка чыгаруу аркылуу жогоруда айтылгандай ийгиликтер жаратылды.

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпысынан 83 миллиард 989,5 миллион сомдук салыктар жана төлөмдөр чогултулуп жылдык план ашыгы менен аткарылды. Же мурдагы 2018-жылга салыштырганда өткөн жылы 4 млрд 405,6 млн сом көп жыйналды. Бардыгы салыштыруудан билинет. Салыштырсак, бул Ош шаарынын эки жылдык, Бишкек шаарынын жарым жылдык бюджетине барабар каражат. Ачык эле айтуу керек, мындай өсүшкө жетишкен башка бир да тармак жок.

КР Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан жарыяланган «2019-жыл – Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы жөнүндө” жарлыгынын негизинде Мамлекеттик салык кызматы тийиштүү иш-чараларды ишке ашырды. Алардын натыйжасында жергиликтүү бюджетке 17 млрд 518,7 млн сом салыктарды жана төлөмдөрдү чогултулду.

Белгиленген план 101,3 пайызды түзүп, 231,7 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

Социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү да 2018-жылга салыштырганда 1,8 миллиард сомго көп чогултулуп, жылдык план ашыгы менен аткарылды. Өткөн жылы карыздуу субъектилерден 5 млрд. 108,7 сом мажбурлоо аркылуу өндүрүлдү. Бул мурдагы жылга салыштырганда 21,4 пайызга көп. Салык кызматкерлери ондогон миллион сомдук контрабандалык-товарларды аныкташып, аларды да мамлекеттин пайдасына кириш кылышты.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын сентябрь айында Салык кызматынын жаңы түзүмдүк бөлүм – Чүй жана Талас облустары боюнча ЕАЭБдин алкагында кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгы түзүлгөндөн кийин ЕАЭБ алкагында импортко кыйыр салыктардын түшүүсүн камсыз кылуусу бир кыйла жогорулай баштады.

2019-жылы салык кызматы республиканын бюджетине 26,2 млрд сом суммасында ЕАЭБ алкагында импортко кыйыр салыктардын түшүүсүн камсыз кылды, анын ичинен сентябрь-декабрь айларында эле 10,1 млрд сом жыйналды. Сентябрь айында 2018-жылдын сентябрь айына салытырмалуу 450,9 млн сом көп чогултулган, сентябрь-декабрь айларында болсо – 890 млн сом көп жыйналган.

Мына ушул жагдайлар мугалимдердин маяналарын, пенсиялардын базалык бөлүгүн жана жөлөк пулдарды, жаңы жылдан милиционерлердин маяналарын көбөйткөнгө, социалдык инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү боюнча белгиленгендерди аткарганга негиз болду.

Салык кызматындагы аракеттер өз натыйжасын бере баштады. Салык кызматынын жетекчилиги тарабынан инновациялык алдыңкы ыкмалар жана технологиялар кеңири киргизилип, түшүндүрүү жана көзөмөлдү күчөтүү аркылуу көмүскө экономикадагылардын бир бөлүгүн ачыкка чыгарылып, салыктык жана төлөмдүк базаларды кеңейтүү, кызматкерлерге суроо-талаптарды күчөтүү, аларды иштин түпкү натыйжаларына кызыктыруу аркылуу жогоруда айтылгандай ийгиликтер жаралууда.

Жарандардын жардамчыларына айланышууда

Президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылды аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү балдарды коргоо жылы деп жарыялаган. Салык кызматындагылар мамлекет башчысы мамлекеттик кызматтын сапатын жакшыртуу, бюрократтык илинчектерди жоюу, коррупциялык мүмкүнчүлүктөрдү азайтуу боюнча алдыга койгон милдеттерди аткаруунун авангардында келе жатышат. Алардын девизи: “калкка жардам берүү, сылыктык, жогорку маданият жана сабырдуулук”.Кызматтын жер-жердеги түзүмдөрүнө, мекемелерине ар кандай адамдар кайрылуусу, алардын ичинде ачуусу тездери, милдеттүү төлөм-чегерүүлөрдүн аки-чүкүсүн түшүнбөгөндөрү, карыздарын мажбурлап төлөткөндө атайылап жаңжал чыгарууну көздөгөндөрү ж.б. да болушу мүмкүн. Тилекке каршы, андайлар болуп келген, азыр деле аз эмес. Алардын баарына сылык-сыпаа, сабырдуу мамиле жасап, билбегендерин түшүндүрүп, ынандыруу ыкмасына басым жасоо аркылуу маселелерди чечүү-тармактагылардын негизги иш стилине айланууда. Мурда салык кызматкерлери эл тарабынан жазалоочу органдын өкүлдөрүндөй кабылданса, акыркы убактарда андай психология-түшүнүктөр өзгөрүп, илбериңки, сабырдуу жардамчылардай кабылдана баштагандыгы чындык. Тармактын имиджинин акырындап андай жакшы жагына өзгөрө баштоосуна биринчиден, кызматкерлердин тейлөө маданиятгарынын кескин жакшыргандыгында болсо, экинчиден, санариптештирүүнү, инновациялык алдыңкы ыкмаларды, технологияларды ырааттуу киргизүү да чоң өбөлгө болууда. Атап айтканда, азыр кардарларга электрондук патенттерди берүү, квалификациялуу электрондук кол тамганы пайдалануу менен салыктык отчётторду электрондук түрдө берүү, электрондук эсеп-фактураларды пайдалануу улам кеңири тарап баратат. Өткөн жылы электрондук түрдө отчет бергендердин саны 149 миң 840ка жетти, пост-терминалдар, веб-кассалар, төлөм карталары, мобилдик капчык жана интернет-банкинг аркылуу 427,4 миллион сом төлөндү. Кызматкерлер менен кардарлардын түздөн түз контакттары канчалык азайса, коррупциялык мүмкүнчүлүктөр да ошончолук азайып, эки тараптын тең сезилерлик убакыттары үнөмдөлөрүн турмуш көрсөтүүдө.

“Бирдиктүү терезе” аркылуу кардарларды тейлегендер -кызматтын коомдук жүзү болуп саналышат. Мурда алардын иштеринин сапатына, мамилелерине нааразылар болсо, “Бириктүүтерезелерде” иштегендерге карата талап, көзөмөл күчөтүлүп, ийкемдүү иш графиги түзүлгөндөн кийин андайлар кескин азайгандыгы байкалууда. Мында ачык айтуу керек, Кызматтагылар элди убагында сапаттуу тейлөөгө мүмкүн болгондордун баарын жасашууда. Алсак, салык органдарынын “Бирдиктүү терезелери” эртең мененки 9дан тартып кечки 6га чейин тыныгуусуз иштегенге өтүшкөн. Калктын суроо-талаптарын, маселелерин убагында чечүү үчүн мыйзамдуу түшкү тыныгууларынан да кечип иштеп жатышкан башка мамлекеттик органдар жөнүндө уга элекпиз. “Бирдиктүү терезе” тармагы кеңейтилүүдө, учурга карата жер-жерлердеги 60 салык башкармалыгынын 52си өз кызматтарын “Бирдиктүү терезе” форматында көрсөтүшөт. Андай “Терезелер” аркылуу жарандар комплекстүү кызмат көрсөтүүдөн пайдаланышат же мурдагыдай ар эшиктерди каккылап жүрүшпөстөн бир терезеден отчётторду, маалыматтарды беришет, салыктык катоодон өтүшөт, патенттерди жана камсыздандыруу полистерин алышат.

Андай комплекстүү кызматтар соода-базар комплекстеринде, ири соода борборлорунда, “Кайынды” өткөрмө пунктундагы 13 тейлөө борборунда жана пунктарда көрсөтүлүүдө. Кызматтын сайты да өзгөчө популярдуулукка ээ болуп баратат. Өткөн жылы МСКнын сайтына тургундар 8,5 миллион ирет киришип, алар тармактын абалы, жа4ы эрежелер, укук-ченемдик документтер, талаптар менен таанышышты. Нааразылар жана сунуш киргизгиси келгендер (0312)61-31-89 телефон номерине, 1240 номери аркылуу Маалымат борборуна, [email protected]/kg электрондук почтасына жана салык кызматынын социалдык тармактардагы расмий баракчалары аркылуу (@Салык кызматы/налоговая служба) кайрыла алышат.

Алдыдагы милдеттер, максаттар кандай?

Президент 2020-жылга карата өлкөнү экономикалык, социалдык жактан өнүктүрүү, калктын турмушун жакшыртуу боюнча чоң милдеттерди койду. Быйыл да айрым категориялардагы бюджеттик кызматкерлердин маяналары, пенсиялар көбөйтүлүүгө тийиш. Ал үчүн бюджетке, камсыздандыруу фондуна жетишерлик каражаттар түшүрүлүшү керек. Жогоруда айткандай, өткөн жылга салыштырганда салыктар менен төлөмдөрдүн планы 10 миллиард сомго көбөйтүлдү. Бул сумма 1 миллиондон ашык адам жашаган Бишкек шаарынын бир жылдык бюджети. Ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү 3 миллиард сомго көбөйтүлдү. Бул Ош шаарынын 1,5 жылдык бюджетине барабар. Кызматтагылар мамлекеттик социалдык саясатты колдоп, аны толугу менен аткарууга белсене киришишти. Алгачкы жыйынтыктар ага күбө. Алсак, январда 4 миллиард 832 миллион сомдук салыктарды жана төлөмдөрдү чогултушуп, айлык планды ашыгы менен аткарышты. Өткөн жылдын январына салыштырганда 151 миллион сомду көп жыйнашты. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн айлык планы 104,8 пайызга аткарылып, 2 миллиард 384,6 миллион сом түшүрүлдү. Бул өткөн жылдын январына салыштырганда 722,1 миллион сомго же 43,4 пайызга көп.

Кызматтын жетекчиси Кабыл Абдалиев, анын кол алдында эмгектенген адистер тейлөөнүн сапатын жана башкарууну жакшыртып, көмүскө экономикадагылардын бир бөлүгүн легалдаштыруу менен салыктык базаны кеңейтип, санариптештирүүнү жана алдыңкы ыкмаларды кеңири киргизип, коррупциялык көрүнүштөрдү кескин азайтуу аркылуу берилген план-тапшырмаларды ашыгы менен аткаруу үчүн жигердүү иштешүүдө.

Быйыл жер-жерлердеги түзүмдөрдө “Бирдиктүү терезени” киргизүү аягына чыгарылат. Электрондук патенттерди берүү, квалификациялуу электрондук кол тамганы пайдалануу менен салыктык отчётторду электрондук түрдө берүү, электрондук эсеп-фактураларды пайдалануу, пост-терминалдар, веб-кассалар, төлөм карталары, мобилдик капчык жана интернет-банкинг аркылуу салыктарды жана төлөмдөрдү төгүү кеңейтилет.

Январдан тамекини, алкоголдук ичимдиктерди, бут кийимдерди санариптик иденттештирүү каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук долбоор киргизилди. 1-апрелден кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар милдеттүү түрдө электрондук эсеп-фактураларды колдонууга өтүшөт. 1-июндан бардык май куйуучу станцияларда мунайзаттарды берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасы киргизилет. Же көзөмөлдүк-кассалык машинадан төлөнгөн акчага чек алмайынча май куйганга болбой калат. Санариптештирүү кеңири киргизилген сайын салыктарды жана төлөмдөрдү өндүрүүдөгү, төгүүдөгү ачыктык, айкындык, тактык күчөп, коррупциялык мүмкүнчүлүктөр кескин азаят. Булар ишке ашырылганда жашыруулар, бурмалоолор кескин азайып, салыктык түшүүлөр сөзсүз көбөйөт.

Мамлекетгик салык кызматынын 2019-2021-жылдардагы Стратегиясында тармакты реформалап, жол-жоболорду фискалдаштыруу, электрондук түрдө салык төлөөчүлөрдү кескин көбөйтүү, салыктарды, төлөмдөрдү убагында төлөбөгөндөргө, карыздары көптөргө каршы күрөштү, кызматтардын оптималдуу топтому менен сервистик борборлордун системасын, түзүмдүк бөлүмдөр менен салык төлөөчүлөрдүн ортосундагы электрондук документтерди жүгүртүүнү кеңейтүү, салык төлөөчүлөр менен ыкчам кайра байланышуу системасын, тийиштүү укук-ченемдик актылардагы өзгөртүүлөр менен салык төлөөчүлөрдү убагында тааныштырып турууну сапаттык жаңы деңгээлге чыгаруу каралган. Алар этап-этабы менен ишке ашырылган сайын ачыктык жана маалымдуулук, иштин натыйжасы артып, коррупциялык мүмкүнчүлүктөр азая бермекчи.

Ток этерин айтканда, Мамлекеттик салык кызматы натыйжалуу иштерди реформалар менен тыгыз айкалыштырып баратат.

Макалабыздын соңунда бир нерсени белгилей кетпесек болбойт. Байкашыбызга караганда, акыркы учурларда салык кызматында кандайдыр бир кадрдык чечим кабыл алынган учурда салык кызматынын жетекчисин жана ал тарабынан кабыл алынып жаткан чечимдерди, реформаларды жамандап, каралаган макалалар гезит беттеринде же сайттарда “козу карындай” эле байма-бай чыга турган болду. “Ууру кармалса ээсин доого жыгат” дегендей, кызматтан кол жууган адамга кызматынан айрылып калуу оор болуп, журналисттердин артына жашынып, жалган жалаа жабууну адатка айландырып алышкандай…

Тынчтыкбек Бешкемпиров

Булак: “Майдан”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *