“Чимкириктер” атасы Атамбаевге кандай жоопторду узатышты… Өлүктөр дагы тирилишет

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 8-июнь күнү өзүнө таандык болгон “Форумдун” алдында митинг өткөрүп, парламент депутаттарын дагы бир жолу “чимкирик” деп атады. Мурунку президент азыр “чимкирик” деп атап жаткандарды өзү көз салып, парламент босогосун аттатканын эске алганда, “чимкириктердин” атасы өзү болуп калат да. “Чимкириктер” бул жолу катуу чычалап, мурунку атасына катуу жооп кылышты. Ким эмне деп сүйлөгөнү тууралуу кыскача берип турабыз.

Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин төрагасы:

— Сегизинде экс-президент Атамбаев дагы айтып чыкты, мен мамлекетти минтип коёмун, депутаттар мындай, төрага баш болуп бүжүңдөп Матраимовдун тоюна барат деп. Алмазбек Шаршенович, ал той быйыл эле өткөн жок. Ал тойго быйыл эле төрага же депутаттардын тобу барып калган жок. Сиз архивге айланып карап коюңуз. Сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, советнигиңиз ошол тойдо жүргөн. Сиздин убагыңызда премьер-министр ошол тойдо жүргөн. Ошол убакта сизге жакын депутаттар ошол тойдо жүргөн. Алар да ошол элди сыйлап, элге кызмат кылган үй-бүлөнү сыйлап, ошол тойдо жакшы сөздөрүн айтты. Бүгүн биз барып койсок “чимкирик депутаттар”, “бөжөңдөп төрага жүрөт” дейт. Ошол Кара-Суу элинин артынан, Матраимовдордун артынан сиз партияңыз үчүн 40 миң, 50 миң деген добуш албадыңызбы! 100 миң деген добуш албадыңызбы убагында партияңызга! Өзүңүздүн президенттик шайлоого добуш албадыңызбы! Анда кана ал чындык?! Эмне үчүн анда айткан жоксуз Алмазбек Шаршенович?!

2018-жылы март айында саясий оюндар башталганда, Алмазбек Шаршеновичке жолуктум. Барып сүйлөшүп, оюмду билгиздим. Алмазбек Шаршенович, төрагалык кресло мен үчүн маанилүү эмес, мен үчүн маанилүү чындык, элге иштеген туура саясат дегем. Алмазбек Шаршенович “Мен кааласам 10 миң кишини чогултуп, Ак үйдөн баарыңарды кууп чыкканга күчүм жетет” дейт. Мен жакамды кармадым. Алмазбек Шаршенович, мен сизге кошула албайм. Сиз мамлекетке, элге каршы сөз айтып жатасыз. Сиз менен менин саясатым ушул жерден токтойт дедим.

Канат Исаев, “Кыргызстан” фракциясы:

— …“Мультимиллионер болчумун” дейт эки сөзүнүн биринде эле. Мультимиллионер болсо 2010-жылы биздин кесиптешибизден 700–800 миң сом карызга алып, эмнеге  шайлоого катышат? 2011-жылы башка кесиптешибизден президенттик шайлоого 500 миң доллар алды деп жалпы элибизге маалымат тарады. Кийин кайтып бергенин өзү да, кесиптешибиз да айтып жүрөт. Чын эле мультимиллионер болсо, башкалардан карыз алып эмне кажети бар? Бул эки мисалдан тышкары дагы 10 чакты ири кыргыздын ишкерлери бүгүнкү күндө айла жоктуктан, бизди мажбурлагандан каржылаганбыз деп маалымат бергенге даяр…

…Эбегейсиз байлык бул кишинин колунда 2010-жылдан бери эле пайда болгон экен. Түркияда баланча миллион долларым бар эле дейт. Бар боло турган болсо банктагы эсептерин көрсөтпөйбү. Кыргызстанга кайсыл учурда, кайсыл мезгилде, кайсыл банк аркылуу, кайсыл эсебине түшкөнүн. Декларациясын карадык, анын бири жок.

Жөнөкөй эле сөзүндө дагы бир калпын айтып жатат. “Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматов бир күндө камалды” дейт. Атайын карап көрдүк, 18-майда Кубанычбек Кулматов камалган экен, 15-июнда Сапар Исаков камалыптыр. Жөнөкөй жерден дагы калп айтып, ушундан дагы упай топтоону көздөп жатат. Жарым сааттын ичинде Атамбаев ушунча жалган сөздү сүйлөдү. Бирок, бир сөзүнө толук кошулам. “Кыргызстан колхоз эмес, кыргыз эли кой эмес” Атамбаевдин калп сөздөрүнө ишене бере тургандай…

… Бүгүнкү күндө Кой-Таштагы жашап жаткан үйүнүн жер тилкеси боюнча Башкы прокуратурага кайрылгам, аны дагы “Фрунзенский механизированный” токой чарбанын жерин мыйзамсыз, мөөнөттөрүн күтпөй туруп эле алып алган. Өзүнүн атынан арыз жазган. Мен расмий түрдө Башкы прокуратурага кайрылгам, жарым жыл болду дагы деле жооп жок. Мыйзамсыз баюу беренесин Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматы караса, үйлөрү, жер тилкелери, банктагы эсептери, берген декларациялары менен төп келишпейт. Эмне себептен мурун министр болуп иштеген адам мыйзамсыз баюу беренеси менен текшерилет дагы, мындай кызматты ээлеген адам текшерилбейт?

Мен дагы Батукаев боюнча комиссиянын мүчөсү болгом. Комиссиянын жыйынына ошол убактагы УКМКнын төрагасы Болот Жунусовду чакырып, мен бир нече ыңгайсыз суроолорду бердим эле. Болот Жунусов Атамбаевге чуркап барган экен, Атамбаев мени чакырып алып, экөөбүздүн ортобузда чоң сөз болгон, өйдө-ылдый болгонбуз. Ошондо менин баардык күмөнүм тараган. Бул иштин артында Атамбаев турары мен үчүн белгилүү болгон…

…Бул адам бир гана мамлекеттик кызматтарга эле доо кетирбей, 7-апрелде каза болгон 90 баланын убалына калган адам. Бакиев менен кызматташа коюп, премьер-министр болуп, Бакиевге каршы чыккан элдердин боз үйлөрүн сындырган. Качан кыргыз-кыргыздын түндүгүн сындырчу эле. Бул кыргыздын белин сындырганга барабар. Ошонун арты менен кыргыз канча жыл баш көтөрө албай турду. Ошол убакта оппозицияны талкалабай турганда, балким Бакиев дагы монстр болмок эмес, 90 бала дагы өлмөк эместир…

Өз сөзүндө “Өзбекстандын президенти Мирзиёевге чоң рахмат. Мен 20–30 жылдан бери таппай жүргөн бир тууганымды таап берди” дейт. 20 жылдан бери катышпаса кандай бир тууган? Атамбаевден дагы деле көңүлү калбай жүргөн адамдарга кайрылып кетет элем. Бул менин сөзүм эмес, хадистеги сөз. “Бир тууганы менен кол үзгөн адамдан алыс бол” деген. Бир тууганына жакшылык кылбаган адам кыргыз элине жакшылык кылабы!…

Талант Мамытов,   “Республика — ​Ата Журт” фракциясы:

— Чындыкты айтпасак ал киши түшүнбөйт окшойт. Алмаз Атамбаев парламентти сындап, парламенттин төрагасы Дастан Жумабековду сындап, президентти эмнеге сындап жатканын элге түшүндүрбөсөк болбойт. Биз Атамбаевдин коррупциялык иштерин коргосок, аны колдосок, иштерин жаап-жашырсак, кол тийбестигин албай калтырсак, биз бүгүн Атамбаев атап жаткан алтын тизмелердин арасында болмокпуз. Бирок, андай кадамдарга бара алган жокпуз. Анткени, бир эле ТЭЦтен келтирген зыян 110 млн долларды түзөт. 110 млн доллар деген — ​бул Кыргызстанда 110 мектептин долбоору. Карапайым калк балдарын мектепке окуталбай, мектептер ремонт болбой, балдарын бала бакчага орноштура албай кезекте турушат. Булар болсо бир эле долбоордон 110 млн доллар жеп коюп жатышат. Муну расмий түрдө аудитордук текшерүү жүргүзүп, корутунду берди. Бул болгону бир долбоор. Мындан сырткары канча ири долбоорлор турат. Датка-Кемин долбоору 1 километрин 1 млн доллардан салышкан. Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу турат. Буларды бүгүнкү күнгө чейин карап, текшере элекпиз. Бул долбоорлордун баары элдин эсебинен алынган кредиттик акчалар. Муну кыргыз эли үстөк пайызын кошуп кайтарып бериши керек. Ким жесе, ким уурдаса өздөрү кайтарып бериши керек…

Атамбаев өзүнүн сөзүндө Батукаев жөнүндө айтып жатып “Мен Батукаевден акча алмак белем? Мен акча албайм, аны Жээнбеков алат…” деп айтып салды. Окшоштурайын деди эле анча окшошпой калды. Ал үчүн болбогон адамдарды айтып коюш кеп эмес экен. Эгерде сен ак болсоң урматтуу экс-президент эмне үчүн учурунда өзүң карап, чыгарган адамдарга өзүң эмне үчүн чара көрбөдүң? Ал чара көралбайт. Анткени, бүгүн абакта олтурган адамдар баардыгы президенттин макулдугу менен жана Атамбаевдин буйругу менен чыгарган. Мыйзамдагы ууруну бир күндө чыгарып, колуна паспорт карматып, узатып жибериш эч кимдин колунан келбейт. Батукаевдин маселеси Атамбаевдин бийлигинин жүзү.

Атамбаев кай жактан каражаттарды алып мультимиллионер болду дейсиңер? ТЭЦтен, Батукаевден акчаларды албады деп кайдан билебиз? Бир бизнеси болбосо, бир жумуш орун түзбөсө кайдан мультимиллионер болду?

Мен бүгүн апрель революциясында каза болгондор үчүн кейийм. Июнь окуясында курман болгондор үчүн кейийм. Алар эмне үчүн өз өмүрлөрүн берди эле? Мамлекет оңолсо экен деп өмүрүн тобокелге салышты. Үмүт жалгыз Атамбаевде болчу. Ишеничти Атамбаевге беришти. Атамбаев 6 жыл мамлекет башчысы болуп олтурду. Бүгүн каза болгондордун туугандарынын жашоо-турмушун карап көргүлө. Атамбаевдин жана анын жанында жүргөн адамдардын турмушун салыштырып көргүлө. 7 жылдын ичинде курман болгондордун туугандары Россияга барып кул болуп иштеп жүрүшөт. Атамбаевдин анын жакын акырлаш адамдардын жашоосу өзгөрдү. Мультимиллионер болушту, заңгыратып хансарай салышты.

Алмаз Шаршенович, эми сизди коргоор мыйзам жок. Мыйзамды элегилеп, ар кимди куугунтуктап каалагандай өткүздүңүз. Кезек өзүңүзгө келди. Элдин артына жашынбастан, элди провокацияга түртпөстөн өзүңүздүн тагдырыңыздын келечегине тике карап, татыктуу болуңуз.

Иса Өмүркулов, КСДП фракциясы:

— Илгертен чогуу Акаев, Бакиевдердин режими менен күрөшүп, митингдердин баарына катышып, жаныбызды оозубузга тиштеп, тобокелчилик менен далай кыйынчылыкты  баштан өткөздүк эле. Ошондо ишенип, ушул досум бийликке келе турган болсо, таза иштеп, мамлекет үчүн иштейт деп терең ишенгем. 6 жыл президент болсо, демократиялык жолго түшсөк, тынч жол менен бийликти өткөзүп берсе, Кыргызстан демократиялык жол менен өнүгүп, аймактагы мамлекеттерден айырмаланып, таза шайлоо өткөзгөн мамлекетти өстүрөбүз деген жакшы ой бар эле. Тилекке каршы андай болбоду. Мөөнөтү бүткөндөн кийин тынч олтурса жакшы болмок. Баягыдай таасир бере албай, мамлекетте болгон процесстерден четте калгансып, өзүнүн жеке эгоисттик көз карашын бизге таңуулап жатканын көрүп жатабыз. Айта турган көп маселе бар.

Курманкул Зулушев, “Республика — ​Ата Журт” фракциясы:

— … Сот, прокурор, Жогорку Кеңеш Атамбаев Алмазбек Шаршенович болбоду беле. Журналисттер, башка адамдар моралдык, кылмыш жоопкерчилик менен баш көтөрө албай калды эле го. Бүгүн ошонун баарын танып, башкага түртө салып сүйлөгөнү мени дагы ойлондурду. Кечээки сөзүндө “Президенттик шайлоону, президентти тааныбайм” дейт. Шайлоо өткөндөн кийин кучакташып, өпкүлөшүп, куттуктап, мыйзамдуу шайлоо болгонун белгилебеди беле, бул киши. Өмүрбек Чиркешович айткандай, хансарайда жатып алып, баардыгын башкаруу планы ишке ашпай калгандан кийин президент мыйзамдуу болбой калабы? Ошол кишинин талабын аткарбай койсо, бул саткын болобу? Шайлаган элдин мүдөөсү кандай болот? Икрам Сатарович 30 млн долларга жакын акча алып келгенде шок болдум дейт. Ошол убакта ал киши президент эмес беле? Жаап-жашыруу деген кылмышта берене бар. Бүгүн бул боюнча иш козгосок болот. 30 млн доллар алып келип, шайлоону сатып аларын билип турса, эмне үчүн ал киши жол берди? Инаугурацияда мыйзамдуу өттү деп эмне үчүн айтты?

Сапар Исаков жана башкаларды куугунтук менен камап жатат деп айтты. Сапар Жумакадырович премьер-министр болуп турганда Өкмөттүн алдындагы Улуттук аттестациялык комиссиянын жетекчиси шайлоо менен шайланган. Бирок, ошол убакта мыйзам кабыл алынып, дайындоо болгон. Ал мыйзам жыйырма сегизинде күчүнө кирмек. Сапар Жумакадырович 8-декабрь менен мыйзам күчүнө кире электе, өзүнүн буйругу менен дайындап, ал киши Улуттук аттестациялык комиссиянын жетекчиси болору менен Раиса Атамбаевага профессор деген наам берген. 5 жылдык талапты карабай туруп. Бул кылмыш эмеспи? Бул узурпация эмеспи? Сапар Исаков сүттөн ак болсо эмнеге ага дагы бир иш козголбойт? Эмнеге ал жооп бербейт?

Даярдаган О. Тагаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *