Өлүмү табышмак жараткан Генрих Мюллер

Үчүнчү Рейхтин мамлекеттик жашыруун полициясынын (гестапо) жетекчиси, ССтин группенюрери, полициянын генерал-лейтенанты Генрих Мюллердин тагдырын XX кылымдын табышмактарынын бири (!) десек болот. Ал 1900-жылы 28-апрелде Мюнхенде туулганы, биринчи дүйнөлүк согуш учурунда учкуч болгону, полицияда иштеп, национал-социалисттер бийликке келген соң режимге жан-дили менен кызмат кылып, нацисттик Германиянын биринчи жетекчлеринин бирине айланганы белгилүү. Бирок, анын кайсы жерде, кантип өлгөнү белгисиз. Ал Гитлер менен кошо өзүн-өзү өлтүргөндөрдүн арасында жок болчу, Нюрнберг трибуналы учурунда соттолуучулардын катарында да отурган эмес. Айтор, эч жерден көрүнгөн жок. Мунун өзү ар кандай фантастикалык версияларды пайда кылды.

Акыркы күндөрү. Реалдуулук

1945-жылдын апрелинин акырында, май айынын башында Мюллерди Рейхтин «биринчи кишилеринин» арасында, Гитлердин тегерегинде, ошондой эле гестапонун имаратында такай көрүшчү. 24-апрелде аны акыркы жолу ойношу көргөн. Анын айтымында, Мюллер ага цианид калийинин ампуласын берип, өзүнө да бирди сактап койгонун айтыптыр. Документтерди өрттөп жатып, бул согушта алар утулуп калганына кейиптир.

28-апрель күнү ал дезертир Герман Фегелянды сурак кылган.

30-апрелде фюрер өзүн-өзү өлтүрөрдөн бир күн мурда Мюллерди бункерден, Гитлердин жан-жөкөрлөрүнүн арасынан көрүшкөн.

1-май күнү Мюллер госпиталга, өзүн-өзү өлтүргөн гестапонун жетекчилеринин биринин сөөгүн көргөнү келет. Башкы врач ага Берлинден чыгып кетүүнү сунуш кылса, Мюллер «эгер орустар кармап алчу болсо, асып салышат» деп баш тартыптыр.

2-май күнү түнүндө ал Берлинден чыгып кетмекчи болгон бункерчилер менен коштошкону барат. Өздөрү менен чогуу кетүүнү сунуш кылышса, «режим кулады, мен да аны менен кошо жок болом» деген имиш. Ушуну менен Генрих Мюллердин турмушундагы реалдуу фактылар бүтөт да, жоромолдор, бири-биринен өткөн фантастикалуу версиялар башталат.

Кийинки тагдыры. Версиялар

Нацизмдин көптөгөн желдеттери курчоодо калган Берлинден качып чыгып, Латын Америкасынан, атап айтканда, Аргентинадан орун-очок алышкандары белгилүү. Себеби, Аргентинанын президенти Хуан Перон гитлердик Германияга жан тарткан киши болгон. 1950-жылдардын аягында «Штерн» гезити Мюллер да Аргентинада жашап атканы тууралуу жазып чыкты.

«Нойе Рурцайтунг» гезити болсо Мюллер Албанияда жашаарын, ал жерде жашыруун полицияны жетектээрин жазды. Атүгүл «Албаниянын борбору Тиранадагы илимий китепканага караштуу виллада жашайт» деп үй дарегин да көрсөткөн.

Бирок, бул версиялардын ичинен эң кызыктуусу – бул Мюллердин СССРге барып калганы. Ошол эле «Штерн» гезити 1945-55-жылдары Мюллер Москвада Бериянын жетекчилиги астында иштегенин, Берия кызматынан жылмышкандан кийин гана Албанияга көчө качканын кабарлады. Туткунга түшкөн немистердин кээ бирлери да кийин үйлөрүнө кайтышкан соң Мюллерди Москвадан көрүшкөндөрүн айтышкан. Мюллердин жакын кишиси Шелленбергдин түрмөдөн чыгып жазган эскерүүлөрү бул версияны ого бетер күчөттү. 50-жылдары жарык көргөн өзүнүн «Лабиринт» аттуу китебинде ал Мюллер Сталинграддагы жеңилүүдөн кийин советтик чалгындын тыңчысына айланганын жазат.

Расмий иликтөө

Бирок, версиялар канчалык көп болбосун, Мюллердин өлүгүн эч ким көргөн эмес. 1945-жылы Мюллердин мундирин кийген бир кишинин сөөгү табылган. Аны жерге жашырып, 1958-жылы туугандары мүрзөнүн үстүнө эстелик орнотушкан. Бирок, «гестапонун шефи тирүү болушу мүмкүн» деген айың кептер күчөп кеткендигине байланыштуу 1963-жылы эксгумация жасалып, судмедэксперттер сөөк Мюллерге таандык эмес экенин аныкташты. Батыш Берлиндин прокуратурасы аны камоого ордер берип, 1967-жылы Панамада Френсис Вилард Кейт аттуу киши кармалат. Бирок, анын сүрөтүн ойношуна көрсөтүшсө, «ал эмес» дейт. Нацисттик кылмышкерлердин иштери боюнча эң абройлуу эксперт Симон Визенталь да «Мюллер эмес» деген тыянакты берет. Ошондон соң Кейтти кечирим сурап, коё беришкен.

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *