Өмүрбек Бабанов финполицияда сурак берип жатат

Бүгүн, 19-августта КР экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы – финансылык полициясы экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановду саат 16:00гө ага караштуу “Кыргызстан” жеке менчик банкын рейдерлик жол менен басып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка чакырды. Бул тууралу биздин укук коргоо органдарындагы булактар билдирди.

Азыркы учурда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов финполицияда сурак берип жатат. Тергөөчүлөр анын тагдырын кандай чечет али белгисиз.

Булак: KyrgyzToday.kg            

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *