Өмүрбек Бабановдун ага карата кылмыш ишинин ачылышына байланыштуу билдирүүсү

Урматтуу кыргызстандыктар,

Бүгүн биз баарыбыз укук коргоо органдары тарабынан мага карата ойдон чыгарылган, саясый кылмыш ишинин козголушуна күбө болдук. Мунун жалган жалаа экендиги баарыбызга маалым.

Тилекке каршы, мага ушундай өзүм-билемдикке жол бербей турган реформаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк беришпеди. Бийликтегилер бардык көйгөйлөрдүн булагы Бабанов эмес экенин түшүнбөй жатышат. Мен саясий аренадан кетсем эле өлкөдө жашоо жакшырып, маселелер чечилип кетпейт. Ар нерсеге эле мени жабыштырып, күнөөлөп, каралай берүүгө болбойт.«Ак ийилет, бирок сынбайт» дегендей, чындык эртеби, кечпи белгилүү болот.

Мен али да болсо бийлик даанышмандык кылып, бул ишти жаңылыштык катары четке кагат деп ойлойм. Бийлик куру саясат менен эмес, элибиздин турмушун жакшырта турган реформаларды жүргүзүү менен алектениши зарыл. Ар бир адилетсиз иш аягы жакшы бүтпөйт. Эски каталарды кайталабай, адилеттүү болууга чакырам. Болбосо өлкөдө көп жылдар бою биз кутулууга аракет кылып келген автократия кайрадан орнойт!

Өмүрбек Бабанов

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *