Өмүрбек Текебаев: “2010-жылы апрелде “Мегакомдун” 51% үлүшү улутташтырылбай калышына мен Атамбаев шектүү деп эсептейм, суракка алыш керек”

“Мен УКМКнын жетекчисине айтып койоюн, Абдил,  бери караңыз, угуп тур, сурап жатпайсынбы “Эмне үчүн 2010-жылы  Мегакомдун 51%  улутташтырылбай калган?” деп. Бул суроого ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн экономикалык блок боюнча  жоопкери болгон 1-орун басары Алмаз Атамбаев жооп бериши керек. Ошондон сурагыла!” – деп кайрылды депутат Өмүрбек Текебаев УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевге Жогорку Кеңештин 16-ноябрдагы огтурумунда.

“Атамбаев Москвага барып, Путин менен жолугуп,  Путинге убада берип келиптир. Мына, Фергана.ру сайтында жүрөт. “Биз сатпайбыз, улутташтырбайбыз, кала берсин, орус тарап дивидендин, налогун төлөп турса болду деп. Фергана.ру сайтына Фарид Ниязов мындай деп айтып жатат  “По вопросу  “Мегаком”, стороны пришли  к единому мнению,  что ситуация должна как скорее решаться в полном соответствии с законодательством и соблюдением законных интересов акционеров. Кыргызская сторона обозначила, что вопрос национализации 51%  не стоит. Главное, чтобы компания добросовестно выполняла налоговое законодательство, платила государству положенные дивиденды” деп Ниязов “Атамбаев Путинге барып убада берип келди” деп жатат бул жерде. Атамбаевди чакырып суракка алыңыз!” – деди башкы атамекенчи.

“Мен сизге айтып койоюн, мен Мегакомдун 51%  улутташтырылбай калганына  Атамбаев шектүү деп эсептейм, анткени биринчиден, ал Убактылуу өкмөттүн 1-орун басары болуп, ошол тармакка жооп берген.  Экинчиден, ал Путин менен жолугуп келгенден кийин Мегакомдун 51%ын биз улутташтырбайбыз деп Фарид Ниязовдун оозу менен айтып жатат. Үчүнчүдөн, 2011-жылы апрелде Убактылуу өкмөттүн токтому менен “Мегакомдун” 49% сатылсын деп Жогорку Кеңешке сунуш киргизип жатат. Мен муну абдан шектүү жагдай дейм,  Атамбаевди да суракка алыңыз! Мына азыр Түштүк Кореянын прокурору президентин суракка алып жатат”, – деди Өмүрбек Текебаев.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2010-жылы 7-апрелдеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Убактылуу өкмөт атайын декрет менен Максим Бакиевге 100%  тиешелүү болгон “Мегаком” мобилдик компаниясынын  49%ын гана улутташтырып, мамлекетке өткөрүп берген. Ал эми калган 51%ын “россиялыктар суранып жатат” деген шылтоо менен сүйрөп, 4 жыл каалагандай саашып, 2014-жылы гана мамлекеттин эсебине улутташтырышты. Ал аралыктагы 4 жылдын ичинде “Мегакомдон” миллиондогон долларлар уурдалды.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *