Өмүрбек Текебаев: “Атамбаевди мөөнөтүнөн мурда алып түшүү менин максатым эмес”

Учурда мектептеги окуучудан тарта 80-90догу карыларга чейин Текебаевдин айткандары кызык болууда. Оозунан чыккан сөзү бүйүр кызытып, эки кишинин башы кошулган жерде эле “чоң саясаттын атасын” кеп кылышууда. Өмүкенин өктөм кебине мен да кызыгып, окурмандар үчүн маектешүүгө үлгүрдүм.  

–Өмүрбек Чиркешович, акыркы кездерде “мародерлук” темасы кайра козголуп, анын учугу  “Ата Мекендин” бир катар “лөктөрүнө” жетиши мүмкүн экени айтылууда. Сиз буга эмне дейсиз?

Кудайдын жазмыш ишин карагыла, КСДПдан депутат Мээрбек Мискенбаев кайра-кайра эле “мародер, мародер” деп атты эле өзү мародердун анабашы болуп, Апрель окуясында курман болгондордун туугандарына бөлүнгөн 2 миллион сомдон ашкан акчаны кымырып алганы тууралуу Улуттук коопсуздук комитети бетин ачып, тастыктап тергөөгө жиберди. Эми тергөө жүргүзүлүп, иш аягына чейин чыгышы керек. Тергөөнүн объективдүү жүрүшүн президент камсыздап бериши шарт. “Мародер” деп мен өлгөндөрдүн буюмун, ырыскысын алгандарды айтам. Жалпы эле бакиевдердин бизнестери, анын ичинде соода борборлору, маалымат-жарнамалык агентстволор, имараттар, кыймылсыз мүлктөрү болгон. Мунун баары жөн эле жерден жок болуп кетиши мүмкүн эмес. Анын баарын кимдир бирөөлөр пайдаланып жүрөт да.

–Саясый оппонентерин каралоодо Абдулла Юсуповду сизге каршы колдонуп жүргөнү айтылып келет…

–Ондон ашык кылмыш кылып, 17 жылга соттолгон Абдулла Юсуповго басым кылышканы аброй апкелеби? Абдулла Юсуповдун кылтагына түшүп, көз каранды болгондордун арасында генерал Зарылбек Рысалиев жана бийликтегилер. “Эгер менин айткандарымды аткарбасаңар, силердин сурооңорду, өтүнүчүңөрдү айтып коем” деп коркутуп жүрөт. Түрмөдөн Абулла Юсуповго таянышат, а Жогорку Кеңеште Анвар Артыков чыга калып атат. Башка биздин партияга акаарат айта турган акыл-эстүү адамдар жок. Бул акыры жакшылыкка апкелбейт. Бирок, айтылып калгандан кийин иштин көп жагдайлары ачылышы керек. Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн жүйөлүү сөздөрү бар, ошого карата документтери да көп.

–Коомчулукта “Өмүрбек Текебаев эч качан жөндөн жөн эле бир ишке барбайт. Барса акыры аягына чыгат” дейт. Демек, бу жерде чо-оң сырлар бар го?

–Апрель революциясынан кийин саясый системаны өзгөрттүк. Алдыбызга “жаңы саясый маданият калыптандырыш керек” деген чоң миссия тапшырма койдук. Ал миссиянын маңызы – Кыргызстанда мезгил-мезгили менен шайлоо жолу менен мамлекет башчысы алмашып турса, кеткенин татыктуу узатсак, келгенин татыктуу тосуп алсак, анан жаңы муун 2020-жылдан кийин үч жолу парламенттик, эки жолу президенттик шайлоонун соңунда келе турган жаштар биз тандаган жолду, салтты улап кетээрин ойлогонбуз. Ошон үчүн бийликтин бир аз кемчиликтерине, майда-барат иштерине көз жумуп келгенбиз. Бирок, акыркы Конституцияга өзгөртүү киргизүү ниети башка экенин, “демократиялык өлкө эмес, тоталитардык өлкө курабыз” дегендерине каршы туруп, “кайра артка кайткыла” дегенибизде, атом бомбасы жарылгандай эле болду да. “Эмне үчүн булар минтет, булар бизди көралбайт, ичи күйөт, каматабыз, жоготобуз, булар экинчи жолу бийликке келбеши керек” деген позиция пайда болду. Ошондон улам биз дагы келишпес позицияга өттүк.

–Буга чейин кимге асылбаңыз, баарын шыпырып түшкөнсүз. Кезекте президентпи?

–Азыр өлкөнү анын айлана-чөйрөсүндөгүлөр башкарып атат. Башкарганда да абдан туура эмес башкарып атат. Биздин Конституция четте калып, биз көрбөгөн жолдо жашап жатабыз. Биз Конституция нугуна кайра келели. Анүчүн парламент өз алдынча болуп, жоопкерчиликти ала билиш керек. “Атамбаевге айталы, өз айланасындагылардан тазалансын, тазаланганга жардам берели. Өкмөттү өзүбүз түзөлү да, Атамбаев мөөнөтүнүн аягына чейин аксакал болуп отурсун” деп ачык айттык. Атамбаевди мөөнөтүнөн мурда алып түшүү, кызматынан кетирүү менин максатым эмес.

–Азыр кайрадан эле кызыкдар күчтөр Абдулланы алып чыгып, сизге тиешелүү карама-каршы материалдарды көрсөтүп баштады. Буга кандай ойдосуз?

–Тоталитаризмдин эң жаман үлгүсү ушу. Мамлекеттик телекомпания, ЭлТР, 5-канал, Икрамга тиешелүү болгон 7-канал, “Вечерка” ж.б. басылмалар аркылуу шумдук жалгандарды таратып атат. Ушактын өмүрү кыска экенин билишет.  “Ушакты айтып коюп, адамды түрмөгө камап койсо болот” деген ыкманы колдонуп, жаман үйрөнүп алышты. Буга далил катары 2-3 жолу телевидение аркылуу Бекболот Талгарбековду, Бектур Асановду көргөзүп, түрмөгө отургузуп койбодубу же андай эмеспи? Булардын ишенген кожосу, адамы Абдулла Юсупов болсо, анда, бүткөн экенбиз. Абдулла Юсупов муфтий Мураталы ажыны уурдап кетип, Жалда бир квартирада барымтага алып, басып жатышат. “Бир миллион доллар апкелесиң” деп. Аны 2-кабаттан ыргытышат. Салмактуу оор киши эмес беле, эки бутунан, колунан алып асфальтка кайра-кайра ташташат. Ошонун азабынан тез эле өлүп калды. Бизде бул боюнча башка да материалдар бар. “Кыргыздар кол салып калса коргонобуз” деп мечитке курал-жарак апкелип, “өзбек улутундагы адамдарга сатам” деп агитация жана соода кылып аткан жерлери да бар. Анан ошондой ыплас, коркунучтуу адам менен өнөктөш болуп, “аны жамандап берсең, керек болсо түрмөдөн чыгарабыз” деп убада берген жерлери бар. 17 жыл кесилген адамга эмне, күнү жакшы өтсө “шүгүр” дейт да.

–Сизди да түрмөгө камап коюшу ыктымалбы?

–Мениби?.. Албетте, камап коюшу мүмкүн. Азыр баарына даярмын. Чач-пачымды тегиздетип, күн сайын иче турган дарымды бир айга жете турган кылып чөнтөгүмө салып койдум. Кокус түрмөгө жатып калсам, “үйдөгүлөр дары-дармек киргизет эле” деп отурбай дегеним…

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ     

Редакциядан: Негизи Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевге ачуу сөздөрдү айткан, бирок, баарыбыз түшүнүп тургандай эле, андай катуу сөздөрдү гезитге жарыялоо бүгүнкү күндө туура эмес…

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *