Өмүрбек Текебаев: “Атамбаевдин камалашы Орто Азия үчүн эң жакшы прецедент болду – кылмыш кылсаң президент болсоң да камаласын деген прецедент түзүлдү”

“Атамбаевдин камалышынын оң жагы – абдан чоң прецедент болду, биз үчун эле эмес, жалпы Орто Азия үчүн да – кылмыш кылсаң сөзсүз жооп бересин, президент болсоң да сөзсүз жооп бересиң деген прецедент түзүлдү”, – деп билдирди “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Марал радиосунун редактору Майраш Базлакуновага берген маегинде.

“Ал эми терс жагы – бийликте олтурган адамдар “бийликтен кетпеш керек экен, кетсең  ушинтип камап салат экен” деп бийликтен кетпөөгө, кетсе да өзүнүн ордуна өз кишисин алып келип коюуга аракет кылышат”, – деди Текебаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *