Өмүрбек Текебаев: “Икрам Илмиянов менен 5 жыл Ак үйдө коңшу кабинетте олтурдум, ким деген депутаттар, фракция лидерлери анын кабинетине кезекке туруп, кирип маселе чечип жүрүшкөнүн мен билем”

“Бизде жаңы президент келгенде ага ким көбүрөөк кирип чыгат экен, кимдин таасири бар экен деп ошондой оңой каналдарды издей баштайбыз. Ошондой каналдар менен иш бүтүрүүгө аракет кылышат. Бул конституциялык эмес кыргыздын традиялык жолдору. Атамбаев учурунда Икрам Илмиянов ошондой эң кыска канал болчу. Икрам экөөбүз 7-кабатта бир коридордо, бетме-бет кабинетте 5 жыл коңшу болуп олтурдук”, – деп билдирди  “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Марал радиосунун редактору Майраш Базлакуновага берген маегинде.

“Бирок 5 жылда мен бир да жолу Икрамга сүйлөгөн жокмун. Анткени бул менин намысымдан төмөн деп айткым келбейт. Жөнөкөй адам болсок сүйлөшмөкмүн. Биз конституция жазып, элге “ушундай болуш керек”  деп айтып коюп, анан бул жактан чуркап барып, маселе чечсек анда эки жүздүү болуп калабыз да. Мен билем эмне деген депутаттар, ким деген фракциянын лидерлери Икрамдын кабинетине очередь күтүп, кирип маселе чечип жүрүшкөн. Эки жүздүүлүк деген мына ушул да. Биз мыйзам иштебейт, конституция иштебейт дейбиз. Эгер биз, иштете турган адамдар, эң жогорку бийлик бутагында олтурган адамдар шоопуруна, телохранителине , аялына барып маселе чечкенге аракет кылсак, закон иштебейт да”, – деди Өмүрбек Текебаев.

Калыстык үчүн айтып коюш керек, Текебаев Икрамга кирбегененинин бир эле себеби – ал кезде ал Атамбаевге түз кирип маселе чече алчу. Эгер шефине түз кире алса шоопуруна кирүүнүн зарылдыгы барбы? Текебаев өзү бир нече интервьюларында моюнуна алып билдиргендей Атамбаевдин кол баласына айланып, Атамбаев буйрук берген саясатчыларды, премьер-министрлерди сындап, аларды кызматтан кетирүүгө Атамбаевге жол ачып берип, кызмат кылып жүргөн. Атамбаев экөөсү бир нече партияларды ичинен иритип, партия мүчөлөрүн лидерлерине каршы тукуруп, партиялык системанын, парламенттик түзүлүштүн Кыргызстанда тамыр жайып кетишине кыянатчылык кылып жүрүштү. 2020-жылга чейин өзгөртүлбөсүн деген конституцияны бузушуп, конституциялык нормаларга каршы мыйзам жазып, премьер-министрдин ыйгарым укуктарын президентке тартып берип, Кыргызстанда мыйзамдын үстөмдүгүн орнотпой, тескерисине “мыйзам деген буйлалаган төө кайда тартсаң ошол жакка кете берет” деген прецедентти түзүп жүрүшкөн.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *