Өмүрканов өз чындыгын айтса, Дүйшеев дүңүнөн кошоматка өтүптүр…

Бийлик жана акын маселеси илгертен келаткан салттуу көрүнүш. Не деген тирандарга каршы, кылычынан кан тамган хандарга каршы акындар туруп, чындыкты айтып, элдин таламын талашып келген. Кыргыз поэзиясынын тарыхында XIV кылымда жашаган Токгогул ырчы Жаныбек ханга минтип ырдаган:

Эр өлтүрүп, кун бербей,

Талап алып, пул бербей.

Канкорлугуң арбыды,

Сенден кордук көрбөгөн,

Түп баласы калбады.

Же болбосо, атактуу Санчы сынчы Кудаяр ханга мындай деп ырдаган:

Акыры түбү оңбойсуң,

Сен каражолтой хандырсың.

Андан бери келсек, Калыгул олуя Ормон ханга:

Эми жүрсөң дөө болуп,

Кийин калба жөө болуп.

Эки бетиң көө болуп,

Элге батпай калбагын.

Же: Бийлик да, байлык да түбөлүк эмес, Кан соргондун арты оңолбойт, Ойгонсоңчу, хан Ормон! – деп, Ормон хандын зордукчулдугун, ачкөздүгүн, оройлугун, жоболоңдуу жоруктарынын калкка залакасы тийе тургандыгын Калыгул олуя көзүнө сайып, чучугуна жеткирип айткан.

Чындыкты чыркырап айтып турган бул саптар кылымдарды карытып, биздин күндөргө жетип отурат. Нукура поэзиянын мыйзамы ушул – чындыкты айтуу. Мына ушул нускалуу салтты улап, Анатай Өмүрканов президентти туура сындаган. Президент Алмазбек Атамбаевдин кыргыздын кырк уруу эли жашаган бир өрөөндүн элин бүт Абыке-Көбөшкө теңеп отурушу туура эмес. Ал эми бийликтин эрке баласы болуп, үй алып, наам, сыйлыктарды калтырбай «жалмаган» Шайлообек Дүйшеевдин «падышаны сындабаш керек» деп айткандары карандай калп экенин жогорудагы улуу акындардын өлбөс-өчпөс ырлары далилдеп турат.

Анатай Өмүрканов «Назарбаев – кит, сен – битсиң» деп образдуу айтып атат, бул анын жеке пикири. Аны «мындай баала, тигиндей баала» деп көрсөтмө бергенге эч кимдин акысы жок. Анан калса, президент А.Атамбаев Ш.Дүйшеевге окшогондордун колдоосуна да, коргоосуна да муктаж эмес. Н.Назарбаевдин да, А.Атамбаевдин да ишмердүүлүгүнө тарых өзү баа берет.

Эл акыны Анатай Өмүрканов А.Акаев, К.Бакиевдердин үй-бүлөлүк авторитардык бийлиги менен тайманбай күрөшүп келген. Бул ырында да чыркыраган чындыкты айткан. Акаевден үй алганын жомок кылып, Бакиевден кантип наам алганын түгөтө албай айтып келаткан «эл акыны» Шайлообек Дүйшеев калемдешинин ырынын маңызын ачып бере албай, сөз чаргытып, сокур намысты кеп кылып отурат. А.Өмүрканов ырында күйүп-жанып чындыкты айтып жатса, Ш.Дүйшеев аны уккусу да келбей, «эл акыны минтип жазбайт» деп жаш акындарга бийликке кантип жагынуунун, кошомат кылуунун жолдорун каңкуулаптыр.

Аскар МЕДЕТОВ, филология илимдеринин кандидаты

Булак: “Азия Ньюс”

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *