Онкологиялык илдетке чалдыккандар пенсиянын топтолмо бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда ала алат

Залалдуу шишик илдетине чалдыккан, өмүрүнө коркунуч жараткан дартка кабылган Кыргыз Республикасынын жарандары пенсиянын топтолмо бөлүгүн белгилегенген убакыттан мурда ала алат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтом долбоору Социалдык фонд тарабынан коомдук талкууга коюлду.

Буга ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү оор делген илдеттердин тизмегин түзөт. Ага биринчи кезекте онкологиялык оорулар жазылат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *