Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Оор жүк артынган чабал өкмөт
ММК Дайджест Спорт

Оор жүк артынган чабал өкмөт

Жаңы шайланган премьер-министр Садыр Жапаровдун парламент тарабынан экинчи ирет кайра шайланышы, мурдагы шайлоо легитимсиз болду дешкен шектүү сөздөргө биротоло чекит кое албады. Анткени, экинчи ирет катышкан депутаттардын саны алда канча көбүрөөк болгону менен да, кворум камсыздалганына карабастан, соңку учурларда коомчулукта жаралган ар түркүн, карама-каршылыктуу суроолор арбын болууда…

Алардын эң башкыларынын бири – өлкөдөгү дээрлик бардык бийлик бутактарынын эл тарабынан толук кандуу колдоого ээ боло албай жаткандыгы экендиги түшүнүктүү. Парламенттик шайлоодон кийинки төңкөрүштүү тополоңдун кесепети алиге чейин кете элек.

Ал эми өлкөдөгү эң башкы орчундуу кызматтардын бири -премьер-министрлик орун үчүн ар кандай саясий күчтөрдүн кармашы күч алууда. Болгону- мурдагы көчө митингдеринен, эми тынч кабинеттерге, тымызын деңгээлдеги күрөш формасына өтүп калды.

Дегеле, бул маанилүү кызмат орду үчүн болгон салгылашуу шайлоодон эбак мурда, саясий партиялардын дебаттары учурунда эле башталгандыгы маалым. “Республика” партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев өз партиясы жеңишке жетишсе,-бул партиянын бейформал лидери болуп калган Өмүрбек Бабановду премьер-министрлик кызматка чакырышарын жарыя кылган. Ошондо эле бир нече кылмыш иши али жабыла элек Бабановдун чакырылышын каалабагандар чыккан.

Деген менен, бийлик-байлык дегенде баарына даяр турушкан Өмүрбек Бабанов менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өлкө тынчтыгын, элдин бейпилчилигин тобокелге салууга да даяр турушканы байкалды. Муну кечээги эле борбордук аянттагы митингдер тастыктагандай болду.

Кой-Ташта экс-президентти кармоо учурунда катышкан милициянын генералы Курсан Асановдун айтымында, ошол чакта атамбаевчилердин колунда “элик беш автомат бар болгон”. Тажикстандагы жарандык согуш маалында мамлекеттик бийликтердин таасири дээрлик толугу менен жоголуп, ар кандай бандформированиялар гана өз бийликтерин жүргүзүп калышкан. Бизде андай кырдаалга алдын ала даярданууну каалашкан ар кандай күчтөрдүн аракеттерин али түйүлдүк кезинде жок кылуу керек. Тиешелүү мамлекеттик органдар бул багытта чечкиндүү иш алып баруулары зарыл. Ансыз коомдогу стабилдүүлүк орнобойт.

Мурда бири-бирине “бабанчик”, шестерка” жана башка дагы ушул сыяктуу шылдыңчыл, таасын ярлыктарды тагышкан адамдар эми кайрадан коюн-колтук алышып калышканы бекеринен эмес. Алар бул кезде ары карап ыйлашып, бери карап күлүшүп, бири-биринин колдоосуна аргасыздан муктаж болушкан.

“Менден да кетти, Өмүрбек инимден да кетти” – деген Атамбаевчилер, убактылуу бирдиктүү оппозициячыл күчтөргө айланып, бийликти толугу менен алууга умтулушкан. Бул күчтөр артка сүрүлгөнү менен да, Садыр Жапаровго карата чабуулдар азайган жок. Ал тургай, эми анын гана эмес, жаңы шайланган парламент төрагасы Канатбек Исаевдин легитимдүүлүгү дагы шек жарата баштады. Ал эми сот бийлиги эбак эле эл ишениминен дээрлик чыгып калганын эске салсак, азыркы күндө Кыргызстанда мыйзамдуу, толук кандуу бийлик бутагы орной электиги байкалууда.

Жалгыз гана мыйзамдуу шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигин айтпаганда, бийликтин үч б-тагы тең кризиске баткан чагы. Ошого карабастан, өздөрү толук легитимдүүлүккө али ээ боло албай жатышып, президент Жээнбековдун отставкасын талап кылышканы – аргасыздан жылмаюуну гана пайда кылат.

Президент Жээнбеков айрым депутаттарга мыйзамдуу бийлик орногондон кийин өз ыктыяры менен кызматтан кетип, арызын жазып беришке даяр экендигин улам-улам кайталаган Садыр Жапаров адегенде өз бийлигин бекемдеп, ээрге бекемирээк олтуруп алганы жакшы болмок. Техникалык өкмөт деп аталган азыркы Жапаровдун өкмөтү да, эки айчалык өмүрү калган парламентти башкара баштаган Канатбек Исаевдин бийлиги да убактылуу экендиги эч талаш туудурбайт.

Анда неге бул кызматтык орундар үчүн айыгышкан кармаш уланууда? Себеби, бийлик-байлык ресурстарын кайра бөлүштүрүү дал ушул бийлик органдарынын колуна чогултулган. Кийинки парламенттик шайлоонун кандай өтүшү дал ушул мамлекеттик органдарга түздөн-түз көз каранды.

Ар кандай партиялар, саясий топтор өз адамдарын алып келүүгө тырышып жатышканы да дал ушул жагдайдан улам болууда. Демек, парламенттик шайлоо өтүп, биротоло туруктуу өкмөт шайланмайынча, азыркы кырдаалдын оңолушуна ишенүү кыйын.

Бейстабилдүүлүк, чабал бийлик, мыйзамсыздык сыяктуу факторлор келерки шайлоого терс таасир этпеси үчүн, азыртан эле бийликти чыңдоо, мыйзамдардын бардык деңгээлдерде бекем сакталышына умтулуу- азыр бизге аба-суудай зарыл болуп калды.

Бул жагдай канчалык маанилүү экендиги кечээ парламент төрагасын шайлоо маалында да байкалды. Депутат Мыктыбек Абдылдаев Кыргызстанда премьер-министр да, парламент төрагасы да тергөө алдында калган парадоксалдуу абал түзүлгөнүн ачыктады. Көрсө, мурда эки кылмыш иши моюнуна илинип, бир жылча түрмөдө олтуруп чыккан Канатбек Исаев бир кылмышы боюнча мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу гана бошотулуп, алиге чейин акталган эмес, ал эми экинчиси боюнча “жашаган жери дайынсыз” деп, кылмыш иши убактылуу токтотулган экен!..

Ал эми премьер-министр Садыр Жапаровдун мурдагы өкүмү жокко чыгарылып, соттуулугу жок адам деп эсептелгени, аны айыптоодон толук бошотпойт. Анткени, ал кылмыш ишине шектүү бойдон кала берип, ал кылмыш иши кайрадан башынан баштап тергелип чыгат.

Мындан сырткары, жаңыдан куралган өкмөт курамына мурда соттолгон айрым адамдардын кирип калышы да көп суроолорду жаратууда. Вице-премьер-министр Равшан Сабиров министр кезинде пара алуу беренеси боюнча соттолуп, бул факт анын ошол кездеги жардамчысы аркылуу моюнуна коюлган. Ал эми Садыр Жапаров коомчулуктун пикирин бир тыйындай көрбөй, аны саясий куугунтуктоо менен соттолгон деп жатышы – жаңы өкмөт башчысынын өзүнүн келечеги да тумандуу экенинен кабар берип турат.

Бир кезде Антикоррупциялык кызматта комиссар болуп иштеген кыска убакытты эске албаганда, парламенттеги ишмердигинен башка, Жапаровдун чарбалык-экономикалык тармакта такыр тажрыйбасы жок. Мындай болгон учурда вице-премьерлер өтө күчтүү болушуп, өз тармактарын камчы салдырбай тартып кетишкен инсандар болуусу зарыл. Жаңы өкмөттүн тутумун профессионалдык критерийлердин элегинен өткөрүп көрсөк, мурдагы чабал өкмөттөрдүн эле бири болуп калгандыгын моюнга алууга аргасыз болобуз. Эми анысы аз келгенсип, өкмөт курамына жогорудагыдай суроолорду жараткан персоналар да кирип калышканы, алдын ала эле ар кандай шектүү ойлорду жаратууда…

Мурунку коммунисттик доордо кадрлардын тазалыгына ашкере көңүл бурулуп, жооптуу кызматтагылардын жакын туугандарынын арасында мурда соттолгондору барбы, же жокпу-баары түгөл текшерилип чыкчу. Ушундай чаралардын аркасында гана коррупцияга бөгөт коюлуп келген.

Кыргызстанда криминал жыттанган, же мурда түрмөдө оор кылмыштар менен олтурушкан адамдар жооптуу кызматтарга дайындала беришет. Азыр бул сыяктуу терс көрүнүштөр коомчулук үчүн да көндүм боло баштады…

Мындай терс жагдайларды көзөмөлдөй турган Башкы прокуратурадан баштап, шаардык жана райондук мамлекеттик бийлик органдарына чейин эки-үч ирет жетекчилер алмашты. Бир жумача созулган бийликсиздик жалпы өлкөнү хаоско чулгап, мыйзамсыздык толук орногон деңгээлге чейин жеттик.

Эми “өгүз өлбөсүн, араба сынбасын” демекчи, чабал да болсо өкмөт бар, начар да болсо Жогорку Кеңеш бар деп, каниет кылып олтура бербей, чечкиндүү аракеттерге өтүүчү кез келди. Мунун айрым белгилери бар. Мамлекеттик бийлик жана тиешелүү органдар тартипти орнотуп салууга жөндөмдүү экендиктерин – дал ошол баскынчы-самозванец жетекчилерди кууп чыгышканда далилдешти. Эми алардын баарын тиешелүү деңгээлдеги мыйзамдар боюнча жоопко тартылышын камсыз кылуу керек.

Ансыз мындай жаман адаттар өнөкөт ооруга айланып, бийликти деле басып алса боло берет экен деген түркөй ишеним сиңип калат. Карапайым калк дагы бийликти, мыйзамды сыйлаганын токтотот… Ансыз да алдыда өтө татаал иш чаралары күтүп турат. Парламенттик шайлоону өткөрүү жүктөлгөн техникалык өкмөт бул милдетти так аткара алабы? Садыр Жапаров жана анын орун басарлары, министрлер экономикалык жагдайды оңдоп кете алышабы?

Азыр парламенттик шайлоого кетүүчү кошумча чыгымдарга барууга аргасыз болгонубуз аз келгенсип, пандемия учурунда өлкө экономикасы дагы 8 (сегиз) миллиард сомго зыянга учураганы айтылууда… Ансыз да жыртык-тешиги көп бюджетибиз толук аткарылган учур боло элек.

Садыр Жапаров мурдатан “Кумтөрдү” мамлекетке алуу керек деп келсе, эми бул кенде аз эле алтын калганын айта баштады. Мамлекетке алуу оңой иш эмес. Убактылуу популисттик саясий ийгиликтерди камсыз кылганы менен да, эл аралык денгээлдеги соттошуулар, бул багытта эч тажрыйбасы жок Кыргызстанды ого бетер сызга олтургузуп салышы да ыктымал.

Ошондуктан, жаңы өкмөт башчы Садыр Жапаров мурдагы өткөн иштерге кейигенди токтотуп, азыркы колдо бар иштерди жөнгө салып алууга күч-аракеттерди коротуусу кыйла продуктивдүү болору талашсыз.

Парламенттик шайлоо алдында шайлоо системасын жаңылоо эң көп талаш туудурган суроолордун бири болуп калды. Чынында эле, мурдагы бир мандаттуу жана партиялык системалар өздөрүн толугу менен дискредитациялагандыгын эске ала турган болсок, өлкөбүздөгү шайлоо системасы түп-тамырынан жаңылоого муктаждыгы айкын. А бирок, Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн убакыт тар. Чегинүүгө убакыт жок, алдыда шайлоо келе жатат. Шайлоо кодекси жарым жылдан ашуун талкууланганда унчукпай олтургандар эми үндөрү жетишинче кыйкыра башташты. Добуштарды алуу чегин 5 пайызга, ал тургай 3 пайызга чейин түшүрүү, шайлоо барымта суммасын бир миллион сомго чейин кыскартыш керектиги да сунушталууда…

Азыркы 7 пайыздык чекти жана 5 миллион сомдук барымталык сумманы азайтуу менен эле маселе чечилип калса, коомдук-саясий маселенин жарасы жеңил болмок. Тескерисинче, азыркы шайлоодогу 16 партиянын ордуна 32си катышып, шайлоо жыйынттыгына нааразы болгон партиялар азыркыдан да көп санда самсып чыкпайт деп айтууга болбойт.

Кандай болгон күндө да, Садыр Жапаровдун өкмөтүнө кийинки парламенттик шайлоону тынч, мыйзамдуу чекте өткөрүү милдети тагылат. Маселенин баары ушунда турат. Дегеле, азыркы техникалык өкмөт деп аталган өкмөттүн бул курамы Садыр Жапаровдун жеке өзүнүн ишмердик деңгээлин сынай турган мезгил жана курал болуп калары түшүнүктүү.

Эки-үч айдын ичинде эле (жаңы парламент келип, жаңы өкмөттү шайлоого бел байлагыча) анын бүт жеткен дарамети ачык көрүнүп, колунан эмне келери билинип калат. Эгерде өтө күчтүү премьер боло албаса да, мезгил талабына жараша жооп бере алган жетекчиге айланып, өзүнүн күчтүү командасын түзө алса, Садыр Жапаровдун премьер-министрлик мөөнөтү узарып, ал тургай кийинки президенттик шайлоодо негизги претенденттердин бирине айланат.

А эгерде тескерисинче болуп, өлкөдөгү кризис ого бетер тереңдей турган болсо, коомдук-саясий талаш-тартыштар улам күчөп олтуруп, анын өкмөтүн өзү менен кошо кетүүгө мажбур кылышат. Садыр Жапаровдун бийлигинин легитимсиздиги жөнүндө айтып чыккандар үндөрү басаңдаганы менен да, дал ошондой оор кырдаалды күтүп калышкандай. Бул жагынан алып караганда, Сооронбай Жээнбеков парламенттин кворум боюнча шек жараткан добуш берүүсүнө кол койбой, кайрадан шайлоо өтүшү абдан туура кадам болду. Бийлик толук легитимдүү болгондо гана тиешелүү ыйгарым укуктарга толук түрдө ээ боло алат.

Ишенбек Муртазаев

Булак: “Жаңы Ордо”

Япондун акчасын жеп алган Эмилканова 5 жылга шарттуу кесилген

Япон айымдарынын сулуулук сыры эмнеде?

Январь айында кар аз, карандай суук