Оорудан улам каза болгон кыздын атасы аны сактап кала албаган үчүн өзүн жемелеп, өмүрүн кыйган

Тажикстанда 21 жаштагы кыз оорудан каза болгон. Андан 3 күн өткөндөн кийин атасы кызынын мүрзөсүнүн жанынан өмүрүн кыйган. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.

Алардын айтымында, 21 жаштагы Гулноза Достиева рак оорусунан улам каза болгон. Кызынын өлүмүнө атасы өзүн күнөөлөп, аны сактап кала албаган үчүн өзүн жемелеп келген. Кыздын атасы аялына смс кат жиберип, “мен кызымды сактап кала албадым, ошондуктан мен анын жанына кеттим”, – деп жазган. Анын баласы мүрзө тарапка чуркап барып, атасын сактап калууга үлгүрбөй калган. Күйүтүнөн улам өз жанын кыйган атанын сөөгү кызынын жанында коюлган.

Айылдаштары маркум катуу депрессияда жүргөнүн, жашагысы келбей калганын айтышкан.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *