Ооруп жүргөн мектеп окуучусу Тажикстан президенти менен жолукканда ыйлап жиберди

Тажикстанда Душанбенин №65 мектебинин окуучусу өлкө президенти Эмомали Рахмон менен жолугушканда, ыйлап жибергенин тажик ММКлары жазып чыкты.

Мамлекеттин башчысы жаңы мектептин ачылышына келип, республикалык жана эл аралык олимпиадаларда алдыңкы орундарды ээлеген окуучулар менен жолуккан. Президент адабий конкурсту жеңип алган 10 жашар Бенямин Ильхомду кепке тарткан. Баланын ата-энеси жөнүндө сураганда, ал апасы үй кожейкеси, ал эми атасы – чегарачы экенин айткан. “Чоңойгондо ким болосуң?” дегенде, бала врач болгусу келгенин айтып, ыйлап жиберген.

“Эмнеге ыйлап жатасың? Үйүңдө бирөө жарым ооруп жатабы?” – деп Эмомали Рахмон сурайт. Бенямин өзү ооруп жүргөнүн, аны чет өлкөдө гана айыктырса боло турганын айтып берген.

Ошондо Тажикстанды президенти баланы акысыз дарылоого буйрук берип, “буйрукту дароо аткаргыла” деп тапшырма берген.

Азыр баланы чет өлкөдө дарылоого даярдап жатышат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *