“Оперлердин атасы” Алымжан Козубаев

Убагында уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдө, оор кылмыштардын бетин ачууда, деги эле буюртма адам өлтүрүүлөргө каршы иш алып барууда Алымжан Козубаев демилгелүү эмгек өтөгөн. Далай киллерлерди багындырган. Атургай Рысбек Акматбаевди кармоо операциясын уюштуруп, бетме-бет келүү күнүмдүк жумушу болчу. Негизи Алымжан Калыкович кылмыш иликтөөдө анализди кыйын жүргүзчү. Бул жагынан аны “оперлердин атасы” деп койсок да жарашат. Бишкек ШИИБнин орун басары, ИИМдин баңгизатка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы сыяктуу бир катар жетекчилик кызматтарды аркалаган. Алымжан мырза милиция үчүн күйүп-бышып, системага берилип кызмат кылганына далай ирет күбө болгонбуз. (Анын негизги катачылыгы – 2015-жылы “Ата Мекен” партиясы аркылуу парламентке аттанып, кийин 2017-жылы Өмүрбек Бабановду президенттик шайлоодо колдой коюп, алданып калганы эсибизде). А турмушта “Жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт” дейт. Иштеген адам гана жаңылат тура. Ооба, саясый чайкоочулукка кириптер болду. Негизи Алымжан Козубаев саясаттын эмес, аткаруу кызматынын каарманы экен. Учурда мамкаттоо кызматынын “Унаа” департаментин жетектеп, үлгүлүү аракеттерин көрсөтө баштады. Бирок, реалдуу карай турган болсок, ал ИИМ орун басары, анан министр болсо өз ордун тапкан болмок. Ошондо милицияда реформа жүрүп, чыныгы өнүгүүгө күбө болмокпуз. Буюрса, бир күн келет, Алымжан мырза министрлик кызматты да багындырат!

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *