Оппозициялык кыймылдар чоң топко биригеби?

Кыргызстандагы ар кыл оппозициялык кыймылдардын күчүн бириктиришине ыңгайлуу учур келгенин Улуттук оппозициялык кыймылдын өкүлү Равшан Жээнбеков Би-Би-Сиге маегинде билдирди. Буга чейин “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата-Журт” баштаган бир катар партиялар оппозициялык топко биригишкенин жарыялашкан. “Эл үнү” кыймылы 24-мартта Ошто курултай өткөрөөрүн кабарлаган. Парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн өкүлдөрү болсо оппозициянын бийликке карата сын-пикирлерин четке кагып келишет.

Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков Би-Би-Синин суроолоруна жооп берип, алгач Ош шаарында өтүүчү курултайга кайсы оппозициялык кыймылдар катышаарын түшүндүрүп өттү.

Равшан Жээнбеков: 24-мартта өтө турган курултай Ошто болот деп белгиленди. Так айтып коюшубуз керек, курултай демилгесин жалпы оппозициялык маанайдагы саясатчылар же уюмдар эмес, Бекназаров башында турган “Эл үнү” уюму көтөрдү. Азыр парламентке кирбей калган эгемендүү саясатчылар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Көпчүлүгү 24-мартта Ошто өтө турган курултайды колдоп жатышат. Ошолордун бири мен. Мен да Бекназаров мырза менен сүйлөштүм, колдоорумду билдирдим. Ал курултайда эки маселе каралат. Биринчи, Кыргызстанда түзүлгөн социалдык-экономикалык кризис жана андан чыгуу жолдору. Экинчиси, беш жылдан бери отурган бийликтин маселеси. Бардык облустардан делегаттарды чакыруу пландалып жатат. Ошону менен бирге курултайда 2005-жылы 24-мартта өткөн элдик толкундоолордун он бир жылдыгын белгилөө маселеси турууда.

Кубат Касымбеков: Социалдык маселелер деп айтып кеттиңиз, соңку айларда айрым аймактарда бул багытта нааразылыктар чыкканы маалым. Бирок аларга өкмөт көңүл буруп, талаптарын укканга аракет кылып жаткандай. Мисалы тоолуу райондорго берилген жеңилдиктерди жоюу боюнча долбоорду артка чакырып алды. Сизге нааразы тараптар оппозициянын жардамысыз эле, өздөрү эле өкмөт менен маселесин такташып алгандай сезилбейби?

Равшан Жээнбеков: Жалпысынан ар кыл жерде чыккан социалдык жана салык маселелерине өкмөт чынында эле реакция кылганга аракет кылып жатат. Саясатчы катары биз муну жакшы түшүнөбүз. Алар чынында эле ошол маселени чечели деп эмес, азыр жаз келип, элдин бийликке болгон талабы күчөп, бийликтин алсызданып баратканынан, коркконунан ушул кадамга барып жатат. Бирок бүгүнкү күндөгү социалдык-экономикалык терең, системалык кризисти алып келген институт катарында буга сөзсүз түрдө бийликти күнөөлөйбүз. Анткени акыркы убактарда туура эмес экономикалык саясат жүрүп жатат. Экинчиден, акыркы эки-үч жылдын ичинде бизди Орусиянын экономикасына терең интеграциялап, анын далили катарында Орусиянын экономикалык кыйынчылыктарынын бардыгын бизге өткөрүп алып, эгемендик маселесин өткөрүп берип, Камбар-Атаны жана Нарын каскадын курабыз деп убадаларын алганы менен тилекке каршы Россия Федерациясы биздин бийликтин талаптарын же сунуштарын аткарбай, биздин абалыбызды андан дагы оор абалга алып келип коюшту.

Кубат Касымбеков: Сиз Абдрахманов мырза менен кошо “Ар-намыс” партиясы менен шайлоого катышып жатканда бул маселелерди көтөргөн эмес элеңиз го?

Равшан Жээнбеков: Биз шайлоого баратканда негизинен саясий-экономикалык маселелерди көтөргөнбүз. Биринчи, сөзсүз түрдө биздин алдыга койгон максатыбыз – Кыргызстанда парламенттик башкарууну орнотуу болчу. Экинчиден, кирип келген социалдык-экономикалык маселелердеги чечүүдөгү өзүбүздүн анти-кризистик программабызды сунуштаганбыз. Ошонун ичинде кризистен, азыркы оор абалдан чыгуу жолдорун сунуш кылдык. Тилекке каршы коом бизди колдогон жок, биз өткөн жокпуз.

Кубат Касымбеков: Парламенттик шайлоого өзүн оппозициябыз деп атаган бир топ саясатчылар катышкан. Алардын ичинде сиз бар элеңиз. Жакында жаңы оппозициялык күчкө кошулган “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров да бар болчу. Натыйжада шайлоодо элдин колдоосуна ээ боло албаган тараптар канчалык салмактуу оппозиция боло алышы мүмкүн?

Равшан Жээнбеков: Кыргызстанда шайлоо кандайча өткөнүн бардыгыбыз билебиз. Албетте, бизди өтпөй калдыңар деп күнөөлөсө, кандайдыр бир деңгээлде туура сөз болуп калышы мүмкүн. Бирок тереңирээк изилдеп карай турган болсок, шайлоодо аябагандай чоң партиялардын утуп келишине эки нерсе түрткү болду. Биринчиден, административдик ресурс. Экинчиден, бийлик бизге тийбесеңер болду, каалагандай добушту сатып ала берсеңер болот дегенчелик кылды.

Кубат Касымбеков: Равшан мырза, шайлоону албаганда деле сиз убагында жетектеп жүргөн Улуттук оппозициялык кыймыл түзүлгөндөн бери өтө чоң салмакка деле ээ боло алган жок да?

Равшан Жээнбеков: Туура. Бирок бардык мамлекетте эгер оппозиция жок болсо, оппозициялык институттарды же адамдарды жаратышыбыз керек. Бул мамлекеттин өнүгүшүнө сөзсүз түрдө салым кошот. Биздин маанилүү жана салмактуу күчкө айлана албаганыбыздын себеби, тилекке каршы, биздин катарыбыздагы көптөгөн адамдарыбыздын көз карашы жалаң гана өзүнүн кызыкчылыгы менен чектелип, мамлекетте идеологиялык, системалык өзгөрүүлөргө алып келүүгө оппозициядагы кээ бир саясатчылардын даяр эместигинин жыйынтыгы болду. Ошентсе да кээ бирлери өздөрүнүн ишин алып барып жатты. Кээ бирлери бийликке сатылып жатты. Унчукпай калып жатышты. Бирок азыр оппозиция кайрадан туура эмес кадамдардын жыйынтыгын чыгарып, кайрадан биригүүгө даярданып жатат.

Кубат Касымбеков: Азыркы оппозициялык лидерлер биригип, бир күч болот деген канчалык деңгээлде реалдуу? Анткени соңку жылдары оппозициянын биригишинен чоң натыйжа деле чыкпаганы маалым.

Улуттук оппозициялык кыймылдын дээрлик эки жыл мурунку демонстрациясынан бир көрүнүш.

Равшан Жээнбеков: Албетте, беш жылдын ичинде туруктуу оппозиция болуу көптөгөн саясатчылардын кызыкчылыгына, мүнөзүнө туура келген жок. Чынында эле Кыргызстанда оппозиция болуу оор жумуш жана оор жүк болуп эсептелет. Көптөгөн саясатчылар аны көтөрө алышкан жок. Эмне үчүн азыр биригүүгө шарт түзүлдү? Анткени 2017-жылы президент Атамбаев кетет. Көптөгөн саясатчылар үчүн коркпостон Атамбаевге же бийликке каршы чыгууга толук саясий шарт бар. Мамлекеттеги социалдык-экономикалык системалык кризис, көптөгөн саясатчыларды баш көтөрүп, бийликке каршы турууга аябагандай чоң мотивация жана шарт жаратып жатат.

Кубат Касымбеков: Бир жыл мурда Би-Би-Сиге берген интервьюңузда сиз убак-сааты чыкканча оппозициянын салмагы жакшы болбойт деп айткан элеңиз. Демек айрым аймактардагы бир катар социалдык маселелер чыкканын эске алсак, азыр оппозиция ыңгайлуу учурбу?

Равшан Жээнбеков: Менин айтып жаткан сөзүмдү сиз дагы бир жыл мурда эле айткан сөзүм менен далилдеп жатасыз. Дагы бир жолу айткым келет, Кыргызстанда оппозиция болуу оор жүк. Бүгүн мен айткан убакыт келатат. Мен күчтүү же бардык адамдар оппозицияга келет деген ойдон алысмын. Жогоруда айткан эки маселе мурда башын бекитип отурган, өз кызыкчылыктары үчүн саясатта жүргөн саясатчыларды сыртка алып чыгып, азыр биригүүгө алып келет. Бул бийлик үчүн бир топ баш оору жаратышы мүмкүн.

Кубат Касымбеков: Ал эми сиздин мүдөөңүз кандай? Сиздин жеке дымагыңыз жок деп кепилдик бере аласызбы?

Равшан Жээнбеков: Менин жеке дымагым бар. Аны эч убакта жашырган эмесмин. Бирок менин жеке амбициям менин саясий көз карашым менен сөзсүз түрдө барабар кетет.

Кубат Касымбеков: Кризис деп айтып кетпедиңизби. Мындай абал бир гана Кыргызстанда эмес, коңшу өлкөлөрдө да байкалып жатат. Ошол эле Орусия негиздеген Бажы биримдигине кирбеген Тажикстанда деле байкалууда. Кризисти регионалдык маселе катары караш керек эмеспи?

Равшан Жээнбеков: Бир караганда туура. Бүгүнкү күндө биздин коңшуларыбызда да кризис болуп жатат. Бирок кризистин себеби эмнеде болуп жатат? Биз ошого тереңирээк карашыбыз керек. Кризистин негизги маңызы нефтиге таянган мамлекеттердин жана нефтиге таянып байлыкка жетебиз деп эч кандай өзгөрүүсүз реформа жасабаган мамлекеттерде болуп жатат. Бир сөз менен айтканда бул нефтинин жана туура эмес башкаруу моделинин кризиси болуп жатат. Кыргызстанда нефти жок, бирок Кыргызстанда туура эмес мамлекетти башкаруу модели бар. Ал модел бир адамга баш ийген модел болуп саналат. Ошондуктан мен айтып келатам, биз парламенттик башкарууга өтүп, бийликти толугу менен премьер-министрге өткөрүп беришибиз керек.

Кубат Касымбеков: Башкаруу парламентке өткөндө деле кантип бир өлкө регионалдык маселелерден качып кутула алат?

Равшан Жээнбеков: Регионалдык маселелерди чечүүнүн дүйнөдө бир гана жолу бар. Биз күчтүү жергиликтүү бийликтерди түзөбүз. Жергиликтүү бийлик, шаар башчылары, аймак башчылары эл тарабынан шайлашат. Алар бардык социалдык-экономикалык маселелерди өздөрү чече турган болот. Азыркыдай болбой, чогулган акчанын элүү пайызын ошолорго өткөрүп бергенде гана биздин мамлекетте өзгөрүүлөр башталат.

Бийлик эмне дейт?

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан үчүн парламенттик башкаруу ылайыктуу болоорун Жогорку Кеңештин күздөгү жыйынында билдирген.

Өткөн жылдын күзүндө президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы саясий-экономикалык абал турукташканын, парламенттик башкаруу системасына атуулдар ынанганын жана өлкө шайлоолорду ачык өткөрүүгө жетишкенин айткан. Мындан тышкары Кыргызстан бара-бара толугу менен парламенттик башкарууга өтүшү зарылдыгын белгилеген.

Парламент төрагасыны орун басары, “Кыргызстан” фракциясынан депутат Нурбек Алимбеков буга чейин оппозициянын сын-пикирлери боюнча өз оюн билдирип, министрлер кабинетине сапатсыз адистер келип жатат жана бийлик бир адамдын колуна топтолуп жатат деген дооматтарга кошулбай турганын айткан.

Социал-демократтардын депутаты Абдывахап Нурбаев социалдык, экономикалык абалдын начарлаганы туура экенин, бирок ал жалпы кризиске байланыштуу болгонун, ал эми депутаттар өкмөттүн ишин көзөмөлдөп эле жатканын белгилеген.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *