Опумбаев менен Жунушалиевдин отставкасы каңкууланды

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы менен УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев, ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевдин кызматтан кетери каңкууланды. Себеби, Кой-Таштагы кагылышууда эки органдын жетекчилеринин ишмердигинде эки ачалык жаралганы, бири-бири менен байланыш болбогону ырасталабы? Эске салсак, аталган комиссиянын мүчөлөрү Клара Сооронкулова менен Жаркынбек Касымбеков бир жактуу иликтөө болгондугу, күч органдарынын жоопкерчилиги каралбаганы үчүн каршылык көрсөтүшкөн. Аныгында, эл карап турат да. Бийликтин аброю сакталыш үчүн ката кетирген, сабатсыздыкка алдырган жетекчилерге баа берилиши маанилүү эмеспи. Эмесе, Опумбаев менен Жунушалиев түйүнчөгүн түйө берсинби?..

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *