Оренбург шаарынан учуп жатканда бир аял жасалма паспорту менен кармалды, ага кылмыш иши козголду

Оренбург шаарынан учуп жатканда бир аялдын паспорту жасалма экени аныкталды. Жана ошондой эле эки адам Россиянын жараны болгону үчүн өлкөгө коё берилген жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, кечээ, 20-майда Оренбург шаарынан өлкөгө чартердик каттам менен 164 мекендешибиз кайтып келди.

“Оренбургдан чыгарда бир аял жасалма паспорту менен кармалып, ага карата кылмыш иши козголду. Ошондой эле Россиянын жараны болгону үчүн эки адамды чек арадан өткөргөн жок”, — деп айтылат маалыматта.

Бул рейс менен Кыргызстанга учуп келгендер оорулуу, майыптыгы бар, улгайган жана кош бойлуу адамдар, жашы жете элек балдары бар ата-энелер, ошондой эле Москвадагы жатаканадан чыгып калган мекендештер. Келгендердин арасында 33 аял кош бойлуу.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *