Оригиналдуулуктун ээси Байдылда Сарногоев

Кыргыз адабиятында Байдылда Сарногоевдин орду опол тоодой. Калеминен чыккан ар бир чыгармасы жөнөкөйлүгү менен окурмандын жүрөгүнөн түнөк таап келет. Байдыкенин жөнөкөйлүк сапаты, өзгөчө маданияттуулугу, ички рухий дүйнөсү замандаштарынын эсинде.

Акындын алгачкы ырлар жыйнагы 1952-жылы «Шумкар» деген ат менен жарык көрөт. Ага кирген ырлары автордун өзгөчө талантын ачып көрсөт8п, көпчүлүккө дароо таанымал кылат. 1956-жылы Москва шаарында М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүрүп келгенден кийин «Ала-Тоо» журналынын редакциясында бөлүм башчы, 1959-жылдан баштап Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи болуп иштеген. 1986-жылы «Ашуудан берген отчетум» аттуу поэтикалык жыйнагы Кыргызстан жазуучулар Союзунун А.Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон. 1996-жылы казак жана кыргыз элдеринин салттарын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Б.Сарногоевге Казакстан Республикасынын эл аралык «Алтын көпир» («Золотой мост») сыйлыгы ыйгарылып, 2000-жылы «Байдылда» аттуу жыйнагы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыган. 1951-жылдан СССР Жазуучулар Союзунун мүчөсү болгон. 1991-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл акыны» ардактуу наамы берилген. «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдык урматына, «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 2002-жылы «I даражадагы Манас» ордени менен сыйланган.

Ошондой эле Байдылда Сарногоевдин көп ырлары обонго салынып, эл ичинде кеңири ырдалып жүрөт. Алардын катарында «Жылкычы бозой», «Ак чыны», «Кызыл гүл», «От койгун махабаттын милтесине» жана башка ырлары бар.

Мен киммин

Мен киммин, мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калам сабы.
Энекем эптеп төрөп койсо керек
Кыргызда көбөйсүн деп адам саны.
Китепте ырларымдын начары көп,
Күйпөктөйм элге жетпей жатабы деп.
Кез-кезде көк базарга бара калам
Соодагер наспай ороп сатабы деп.
Чынында чыгарманын чатагы көп,
Жакшысын жаратуунун азабы көп.
Кез-кезде айылга да бара калам
Кээ бирөө кесип, айрып жатабы деп.
Мен киммин, мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калам сабы.
Кылган иш, ырым менен кубантсам дейм
Кыргызды, кыргыз сүйгөн замананы

Мас жана канчык

Мас жана канчык

Балдырап мас баратты көзү чакмак,
Баягы өзү тааныш жолду таптап:
Бирөөлөр сүйлөп өтсө аягансып,
Бирөөлөр тилдеп өтөт: алкаш, акмак!

Бир кезде буйга жерге барды дагы,
Сулады, сулаган соң магдырады.
Оозунан окшуп чыккан кусундуга,
Көк канчык көзүн артып жалдырады.

Жалдырап турмак эле кимди карап,
Жаткандын мас экенин билди баалап.
Ачыккан чычкысына чыдай албай,
Аймалап оозу, мурдун кирди жалап.

Мас чочуп кирпиктерин кирбиңдетти,
Аздан соң айтып кирди “ширин” кепти:
Оой катын тилим сууруп ала көрбө,
Ооздон өбүшкөндү ким үйрөттү.

Кайдагы сөздөрдү айтып тантып эчен,
Караса катыны эмес, канчык экен.
Ордунан туруп жатып балдырады,
Өлгөнүм мындан көрө артык экен!

Алтын тиштүү Алмакан

Алма жыттуу, аппак келин Алмакан,
Ар күн сайын анда келбет, анда шаң.
Күндө бирди кийип чыгат көчөгө
Мода менен моюндашып ар качан.
Көп ооруйт — деп азуу тишин алдырып,
Көп өтпөстөн алтын тиштен салдырып,
Эми жүрөт эл көрбөйт — деп күлгөндө
Эртели-кеч өз ичинен кайгырып.

Күлө берет күлүүчү жер кез келсе
Жамажайы кулагына жеткенче
Кээ бирөөлөр кеп кылышып сын тагат
Оозун жыйрып, аз күлбөйбү эп көрсө.
Көнгөн адат калбас болду жоголуп,
Көп сын сөздөн кеткен да жок оңолуп.
Көп көрүнбөс алтын тиштин айынан
Кетмек болду оймок оозу чоңоюп.

Чыдай түш

жашаган замана!

Жакшы болсо жакшы дегин ырымды,
Жаман болсо жашырбай айт чыныңды,
Абдан байкап акыйкаттап текшерсең,
Капа болбой кабыл алам сыныңды

Кыргыз жигиттерине

Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери.
Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,
Чоң атабыз өстүргөн сени, мени.

Толкун болот деңиздин күчтүү жери,
Толкундай бол кыргыздын жигиттери.
Токсон-тогуз өнөрдүн ээси бол деп,
Тоолук эне төрөгөн сени, мени.

Кээ бир акындарга

Ташкынсыз дайра дайрабы,
Ак көбүк чачып акпаса.
Талантсыз акын акынбы,
Жазганы элге жакпаса.

Уялбай элдин көзүнчө
Учкашып минип бир өгүз,
Жакшылап билбей турмушту
Жазуучу болуп жүрөбүз.

Кыйналып жаздык көп китеп
Кыргызга маалим сырыбыз.
Кызарат качан бетибиз,
Кылканга толо ырыбыз.

Чыгарма бүтсө саптарын
Чыгабыз санап ач карын.
Эс алып жыргап калабыз
Элесин көрүп акчанын.

Эскертем сырды ойдогу
Эл сүйбөйт окшойт болжолу.
Биз өлгөн кезде ырыбыз
Бирге өлбөсө болгону.

Булак: «Мантыш»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *