Ормуков ооруканадан дароо камакка жөнөтүлөт

29-март күнү Темирлан Ормуковду Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына чакырып, андан ары №1 тергөө абагына алып кетип жатканда өзүнө бычак сайган. «Тез жардам» кызматы акынды ооруканага жеткирип, ошондон бери дарыланып жаткан болчу. Көзү азиз акын Темирлан Ормуковду 5-апрель күнү ооруканадан чыгары менен соттун чечимине ылайык, дароо №1 тергөө абагына камакка алынат. Бул тууралуу жарандык активист Адил Турдукулов маалымат таратты.

2017-жылдын февраль айында Темирлан Ормуков ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана бир катар саясатчыларды шакабалаган ырларды жазгандыгы үчүн «жалган маалымат тараткан» деп айтыпталып, кылмыш иши козголгон.

Булак: ”Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *