Орозбек Дүйшеев: “Атамбаевдин тушунда Сапар Исаков башында турган саткындар тоо-кен жана суу энергетика тармактарындагы талоончулук саясатты колдорунан чыгарган жок”

— Орозбек Дүйшеевич, массалык маалымат каражаттарында «Экономикабыздын «Кумтөргө» болгон көз карандылыгынын азайышына биринчи кадам жасалды» деген түшүнүк пайда болду, эмне «Кумтөр» кенин иштетүүнү токтотобу, же дагы башкача ойлор барбы?

— «Кумтөр» алтын кени дүйнөлүк алтындын кору боюнча эң ири кендердин эсебине кирет. Анын пайда болгон шарты да өзгөчө. Бул алтын кендин жаралышы да ар кандай ойлорду жаратып, Өзүбек өлкөсүндөгү «Мурун-тоо» алтын кени менен байланышы бар деген божомолду да айтышууда. Демек, бул кендин келечеги чоң, изилдөө иштерин жүргүзсөк дагы көптөгөн алтыны бар жерлерди ачууга мүмкүнчүлүктөр бар.

Канадалык ири ишкана «Камеко» компаниясы бул долбоорду түзгөндө кубаттуулугун жылына 16 тонна деп эсептеп, айрым жылдары 20–24 тонн алтын өндүрүп, Орто Азиядагы эң ири ишканага айландырган. Башталганда эле көптөгөн саясий, уютуруучулукта кадр тандоодогу каталыктардын негизинде Кыргыз элине пайдасы аз болгондугуна байланыштуу көптөгөн карама-каршылыктар пайда болуп, «Кумтөр» маселеси өлкөбүздө саясий аренага айланып, мамлекетте чоң талаштарды жаратты. «Кумтөр» алтын кенин өздөштүрүүнүн биринчи он жылында коррупция кенен тарап, өлкөбүзгө «Кумтөрдүн» Кыргызстанга экономикалык эффективдүүлүгү өтө төмөн болгон. Анализ көрсөткөндөй, бюджетке жылына орточо 18,2 млн. $ төлөнүп, бул сумма алтынды саткандан түшкөн доходдун 9,0% түзгөн. Кыргызстанда калган акчалай сумма 11 жылда 714,7 млн $, же жалпы түшкөн доходдун 32,25% түзгөн. Чындыкты, тазалыкты каалаган Кыргыз коомчулугу «Кумтөр» алтын кени боюнча жүргүзүлүп жаткан саясатка каршы турушуп, өз ойлорун айтып массалык маалымат каражаттарында жарыялашкан убактар болгон. Коррупцияланган аткаруу бийлиги эл шайлаган депутаттарды убактысынан мурда (досрочно) таратуулар да болгон. 2005, 2010-жылдардагы президенттерди өлкөбүздөн кууп чыгууга «Кумтөр» маселесинин да тиешеси бар экендиги баарыбызга белгилүү.

2007-жылы элдин талабын аткаруу жана «Кумтөралтын» комбинатынын өлкөбүзгө экономикалык эффективдүүлүгүн арттыруу максатында улуттук адистерден турган атайын эксперттик комиссия түзүлүп, жаңыча келишим иштелип чыккан. Ал келишим 2009-жылы Жогорку Кеңеште бекитилип, 2008-жылдан ишке киргизилсин деген чечим чыгарылган, демек 2008-жылдан баштап «Кумтөралтын» комбинаты жаңыча келишимдин жетектөөсүндө иштеп жатат, экономикалык эффективдүүлүгү өстү, аны төмөнкү цифралар далилдейт. Бюджетке орто эсеп менен жылына 112,1 млн $ төлөнөт, мурдагы 10 жылдыкка салыштырганда 9,8 эсеге көп, Кыргызстанда калган акча 251,3 млн $ же биринчи он жылдыкка караганда 5,6 эсе көп. Кетирилген каталыктары үчүн бир топ жетекчилер өз жазаларын алган, бирок ал жазалардын алиге чейин аткарылбагандыгы көп суроолорду туудурат.

— «Кумтөралтын» комбинатынын келечеги жөнүндө өз оюңузду айтып берсеңиз?

— «Кумтөралтын» комбинатынын келечеги кенен. Мисал катары мен бул комбинаттын президенти менен жолуккандагы менин сунушума анын жооп бергенин айтып берейин. Биз «Кумтөрдөгү» бүгүнкү акыбалды изилдеп, эң кеминде дагы 15–25 жыл иштетүү керектигин айтсам, ал мага «эмне үчүн андан көп эмес?» деп кайра суроо берип, кендин картасын көрсөтүп, келечекте кайсы жерде алтындын кору барын көрсөттү. Анын айтуусуунда «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн дагы көптөгөн жылдарга узартууга мүмкүн.

Адам баласынын өнүгүүсүндө өндүрүштүн айрыкча орду бар. Өндүрүштү өстүрүүдө, өнөр жай өндүрүшүндө аксиомага айланган адистештирүү (специализация), кооперация, кеңейтилген өндүрүш (расширенное воспроизводство) деген методдор колдонулат. Бул методдор өлкөдөгү саясий системага баш ийбейт. Бул принциптин тоо-кен тармагында айрыкча орду бар. Тоо-кен тармагынын тынымсыз иштеши үчүн көптөгөн жылдар келечекти ойлонуп, иш жүргүзүлүшү керек.

Жогоруда айтылган 2007-жылы түзүлгөн жаңыча келишимде «Кумтөралтын» комбинатынын токтобой иштөөсү үчүн жылына түшкөн кирешенин 4%ин геологиялык изилдөөгө бөлүнүшү каралган. Келишим 2008-жылы ишке киргенден кийин 2010, 2011, 2012-жылдары геологиялык изилдөөгө акча бөлүнүп, геологиялык иштер башталган. 2012-жылы Өкмөттүн сунушу менен бул иштер токтотулган. «Кумтөрдүн» изилденген алтын кору 2023-жылы түгөнгөнгө байланыштуу тоо-кен иштери токтотулуп, 2026-жылы толугу менен «Кумтөралтын» комбинатынын токтолушу пландаштырылган. Ассоциациянын адистери «Кумтөр» алтын кениндеги акыбалды терең изилдеп, 2014–2015-жылдары өзүлөрүнүн сунуштарын бийликтерге жөнөтүшкөн. 2016-жылдан баштап «Кумтөралтын» комбинаты («Кумтор Голд компани») Ассоциацияга коллективдүү мүчө болуп киргендигине байланыштуу 2018-жылдын апрель айында терең изилдөөнүн негизинде Ассоциациянын кеңейтилген башкармалыгынын жыйынында карап, «Кумтөралтын» комбинатынын ишкерлигин токтотуп коюу экономикалык жана экологиялык маанисинде мүмкүн эмес («…остановить деятельность «Кумтор Голд компани» в экономическом и экологическом отношении недопустимо») деген жыйынтыкка келип, бул сунушубузду бийлик органдарына жөнөткөнбүз. Кейиштүүсү жеткиликтүү жооп болбогондуктан, 2018-жылдын июнь айында 6 пункттан турган кайрылуу кабыл алып, өлкөбүздүн жетекчи органдарына жөнөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын аппараты бул кайрылууга реакция кылып, август айында кеңеш өткөзүп, урматтуу Президент Сооронбай Жээнбеков жалпы тоо-кен тармагы боюнча акыбалды өлкөбүздүн Коопсуздук кеңешинде карап, терең талкуулап, кеңири чечим кабыл алынды. Кейиштүүсү, чечимдин кабыл алынгандыгына бир топ убакыт өтсө да чечимдеги иш-чараларды аткарууга аракеттердин жоктугу өкүндүрөт.

— Демек, «Кумтөралтындын» келечеги чечиле элек да. Убакыт өтүп жатпайбы?

— Сиз туура айтасыз, убакыт өтүп жатат, бул факт. Биздин өлкөбүз эгемендүүлүккө өткөндө чет элдик аферист «консультанттардын» сөзүн угушуп, өлкөбүзгө жапайы капитализм саясий системасын кабыл алышып, өндүрүштү талкалап, элдин өткөн кылымда 70 жылда үзүрлүү эмгеги менен түзүлгөн байлыкты талоончулук менен талкалашты. 2003-жылдан баштап, тойбогон айрым бийликтин жетекчилери өлкөбүздүн табигый байлыктарын, анын ичинде кен байлыктарын чет элге өткөзүп, менчиктештирүү иштерин мыйзамдаштыруу максатында лицензияларды берүүнү жана «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамын айрыкча либералдаштыруу аркылуу арамза ойлорун ишке ашырууга киришишти. «Кумтөр» боюнча 2003-жылдын 31-декабрында чыгарган Өкмөттүн чечимине Жогорку Кеңештин II чакырылышындагы мыйзам чыгаруу жыйынынын токтомдорун аткарбай, элдин каршылыгын күчөтүп, 2005-жылдагы көтөрүлүшкө алып келди. Тилекке каршы, кийинки шайланган өлкөбүздүн жетекчилери өткөндөгү каталыктардан жыйынтык чыгарбай чет элдик «консультанттардан» кол үзүшкөн жок. Бакиевдин тушунда, анын баласы М. Бакиевдин тобу, андан кийин Атамбаевдин тушунда М. Бакиевдин эң жакын досу Сапар Исаков башында турган саткындар өнөр жай тармагында, анын ичинде, айрыкча тоо-кен жана суу энергетика тармактарындагы талоончулук саясатты колдорунан чыгарган жок. Бул эки тармактын акыбалы өтө оор — ​кризисте турат. Тоо-кен тармагы боюнча Мамлекеттик Коопсуздук кеңештин 2019-жылдын 30-январындагы чечими элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп, саясатты өзгөртөрүнө ишенич бар. Анда «Кумтөрдүн» келечеги боюнча да иш-чара сунушталган. Бул жөнүндө адистердин ойлору айтылган.

— Кийинки күндөрү эл арасында «Кумтөр» кени боюнча ар кандай сунуштар айтылып, бул маселени кайра дагы саясатка айландырууга аракеттер жүрүп жаткандай ой калтырууда, сиз түшүндүрүп берсеңиз?

— Сиз байкаган экенсиз. Кийинки 6–7 айда «Кумтөр» алтын кенин саясатташтыруу боюнча сөздөр айтыла баштады. Буга мисал катары өткн жылдын аягында өткөн Курултайда айрым саясатчылардын сунушу менен «Кумтөралтын» комбинатын улутташтыруу же бүгүнкү күндөгү иштеп жаткан келишимди жокко чыгарып, «Кумтөр» маселесин саясатка айлантып, эл арасында карама-каршылыкты күчөтүп, инвесторлорду коркутуп, өлкөдөгү жаңы тынчып келе жаткан ынтымакты бузууга багытталган аракет катарында кабыл алынса болот. Бул саясий маселени көтөрүп чыккандардын тоо-кен тармагында түшүнүгү жоктугу жана өнөр жай өндүрүшүндө тажрыйбасы болбогондугу даана көрүнүп турат. 2019-жылдын февраль айында өткөн (Курултайдын аткаруу органдары уюштурган) тегерек үстөлдө катышкандардын көпчүлүгү бул сунуштарга каршы сөз сүйлөштү. Бул сунуштар 2007-жылдагы эксперттик комиссияда кенен талкууланып, иш жүзүнө ашырууга мүмкүн эместиги далилденген. Жаңыча келишим 2008-жылдан бери ишке кирип, иш жүзүндө жакшы жагын көрсөттү. Бул келишим ишке киргенден кийин Кыргыз Республикасынын тоо-кен тармагы боюнча инвесторлор арасында жакшы кабыл алынып, 2010-жылдан баштап, Кыргызстанга инвесторлор тынымсыз келишип, «Кумтөр» алтын кенинин Канадада жайгашкан акцияларынын баасы өсүп, 2011-жылдын аягында бир акциянын баасы 22–24 долларга жетип, Кыргызстандын акциясынын суммасы 1,7–1,8 млрд $ түзгөн.

2012-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаров «Кумтөр» боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүп, жогорудагы сунуштарды (улутташтыруу же денонсация маселесин) көтөрүп чыккан. Жыйынтыгында 2013-жылдын башында акциянын баасы 3–4 эсеге арзандап, Кыргызстандын акциясынын суммасы 350–400 млн долларга азайган, Кыргызстан 1200–1300 млн доллар суммасында акциясын жоготкон, ошондон бери акциянын баасы көтөрүлбөйт. Тоо-кенчилер ассоциациясы биринчи съездинен бери эле Кыргызстанда бардык бийликтерди бириктирген бирдиктүү мамлекеттик саясаттын жоктугун айтып келебиз. Убактылуу Садыр Жапаров башында турган депутаттык комиссиянын жыйынтыгы менен «Кумтөр» маселеси татаалдашып, «Кумтөр» алтын кенин токтотуу маселеси пайда болгон. Ал убакытта «Кумтөрдү» токтотуу экологиялык апаатка (катастрофага) алып келүүсүнө шарт түзүлө тургандыгын тоо-кен адистери, илимпоздору эскертишкен. Бийлик органдары адистерден турган мамлекеттик комиссия түзүүгө аргасыз болгон. 2012-жылдын 3-июлунда түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын составында тоо-кен тармагында көп жылдар эмгектенишкен адистерден эксперттик комиссия (анын башында тоо-кен инжененри, техникалык илимдердин доктору, профессор Ш. Мамбетов) терең изилдеп, 2008-жылга чейинки кетирилген каталыктарды далилдеп, аларды илимдин, инженерлик эсептөөлөрдүн негизинде коопсуздук акыбалга алып келүү мүмкүн экендигин далилдешкен. Алардын жыйынтык сунуштары көптөгөн чет элдик, бүт дүйнөгө белгилүү адистештирилген уюмдар тарабынан жактырылып, «Кумтөралтындын» иштери токтотулбай, бүгүнкү күндө туура чечилгендиги далилденди. Ушул эле адистердин терең изилдөөсүнүн негизинде 2018-жылдын 24-апрелинде «Кумтөралтын» комбинатын Кыргызстан тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын башкармалыгынын жыйынында карап, бул комбинаттын иштөөсүн экономикалык, экологиялык шарттарга байланыштуу токтотуп коюу мүмкүн эместиги айтылган («…останавливать деятельность «Кумтор Голд компани» в экономическом и экологическом отношении не допустимо»). Жогоруда көрсөтүлгөн комиссиялардын жыйынтыгы менен 2014-жылы Жогорку Кеңеште каралып, «Кумтөралтын» комбинаты боюнча сунуштарын берүү Кыргыз Өкмөтүнө тапшырылган. Кейиштүүсү, Жогорку Кеңештин чечими алиге чейин аткарыла элек, бул ишкананын келечеги белгисиз. 2018-жылдын июль айында Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы түзүлгөн оор акыбалдан чыгуу максатында тоо-кенчилер жана геологдордун адистери жогорку бийликтин жетекчилерине Кайрылуу кабыл алышкан. Кыргыз Республикасынын Президенти урматтуу Сооронбай Жээнбеков тоо-кен тармагын Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинде 2019-жылдын 30-январында терең талкуулап, кеңири чечим кабыл алды. Чечимдин кабыл алынгандыгына көп убакыт өтүп кеткендигине карабай, бул чечимди аткаруу боюнча иш-чаралар каралбагандыгы бизди көп ойлондурат.

— 2017-жылы сентябрь айында «Кумтөралтын» комбинаты боюнча стратегиялык-экологиялык деген ат менен келишим түзүлгөн, бирок ал келишим алиге чейин ишке кирбегендиги боюнча көп сөздөр айтылууда, сиздин түшүндүрүп берүүңүздү өтүнөбүз?

— Жашоодо алдыга жылуунун эң негизи ынтымак, адилеттүүлүк, акыл менен маселени чечүү болуп эсептелет. «Кумтөр» маселесинде биринчи күндөн тартып эле карама-каршылык (конфронтация, амбиция), адилетсиздик өкүм сүрүп келди. Биринчи акыл менен маселе чечүү 2007-жылдагы жаңы келишимден башталган. 2012–2014-жылдар ичинде карама-каршылыктар (конфронтация) кайра башталган. Мындай акыбалга келүүгө өлкөбүздөгү бирдиктүү саясаттын жоктугу себеп болгон. Өзгөчө мындай акыбал тоо-кен тармагында терең тараган. Кыргызстандагы кээ бир көзөмөлдөө органдары 2014-жылы карам-каршылык токтогундугуна карабастан өзүлөрүнчө «Кумтөр» алтын кенине доо коюшуп, сотко кайрылышкан. Жергиликтүү соттор алардын доосун колдоп, 100 млн доллардан ашык суммага доого чечим чыгарган. «Центерра Голд Инк.» жетекчилери бул сотошууну эл аралык арбитраждык сотторго кайрылбай, ынтымак менен жарашуу келишим (мировое соглашение) менен төлөп берүүнү сунушташкан. Ошол кездеги премьер-министр С. Исаков адистерди чакырып кеңеш сураганда, бул маселе чарбалык иш, өкмөттүн иши экендигин түшүндүрүп, колдоого боло тургандыгын айтканбыз. Чынында ошондой, бул доо менен эл аралык арбитражга барганда утулуп калуу коркунучу да бар жана ал көп жылда каралууга мүмкүн, анын үстүнө бул маселе мөңгүлөр менен, сууларды пайдаланууга байланыштуу болгондуктан, бул проблема боюнча «Суу кодексине» өзгөртүүлөрдү сунуштоо менен өзүбүзгө өзүбүз каршы да болуп калуудабыз. Демек, бул келишим Кыргызстан үчүн пайдалуу келишим болгон. Бул келишимди аткаруудан баш тартуу менен «Кумтөралтын» комбинаты менен карама-каршылыкты гана күчөтүүгө чакырык болуп калышы мүмкүн, демек Кыргызстан үчүн бул келишим пайдалуу, айрым саясатчылдардын курулай амбициясы ынтымакка каршы келерин түшүнүүгө убакыт келди.

Маектешкен: Темирлан Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *