Орозбек Дүйшеев, эксперт: “Жерүй” “Кумтөрдөн” да жаман болот, ал кендеги $3 млрд турган алтындан Кыргызстан бир тыйынга ээ болбойт”

Эмне үчүн мамлекет эч кандай пайда көрбөйт деп коомчулукта талаш жараткан “Жерүй” алтын кениндеги маселенин күңгөй-тескейин билүү үчүн Тоо кен өнөр жайчылар жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеевди кепке тарттык.

– Орозбек мырза, “Жерүй” алтын кени “Кумтөрдүн” кейпин кийип калбайбы?

– “Жерүйдүн” маселеси “Кумтөрдөн” да жаман болот. Айтайын дегеним, “Кумтөрдө” Кыргызстанга пайда түшөт. Талашып-тартышып жүрүп жакшы эле пайда түшө турган кылып койдук. А “Жерүйдө” болсо пайданы кендин ээси эмес, аны иштеткен компания көрөт. Башкача айтканда, “Жерүйдөн” өнө турган алтынды долларга айлантып санап көрсөк, 3 миллиард доллардан мамлекет эч нерсеге ээ болбойт. Баарын кенди иштеткен компания алат. “Жерүй” кенинде мына ушундай алешемдиктер орун алып жатат, акылга сыйбаган нерселер ишке ашканы калды деп президентке, Жогорку Кеңешке чейин кайрылуу жасаганбыз. Ошондой эле “Жерүйдү” иштеткен компаниянын жетекчисине да бир канча жолу жолугуп, мындай болбосун, мамлекет эч качан куржалак калбасын айтсам “Заводду кура береличи” – дейт. Курсаң да, курбасаң да мамлекет тийиштүү үлүшүн алышы керек экенин баса белгилегем.

– Эмне үчүн “Жерүй” алтын кенинде пайданы казган гана компания көрүп, мамлекет куржалак кала турган жагдай орун алып калган?

– Анткени тендерге конкурс жарыялаган комиссиянын курамына бир да тоо-кен тармагынан түшүнүгү бар адис жана патриот адам кирген эмес. Ошон үчүн жең ичинен маселе чечилип, мамлекет эч нерсеге ээ болбой кала турган жагдай орун алган. Биздин ассоциация эксперттик комиссия түзүлүп, тийиштүү чечим кабыл алынсын деп президентке, Жогорку Кеңешке чейин кайрылдык. Тилекке каршы, ал өтүнүчүбүз алигиче аткарылган жок. Мына ушундай алешемдиктер орун алып кеткенин сезип, Тоо кен өнөр жайчылар жана геологдор ассоциациясы Кыргызстандын тоо кен тармагындагы жер казынасы боюнча мыйзам конституциянын 12-беренесинин 5 пунктуна жооп бербейт деп кайрылуу жазып, кен байлыктар кыргыз элинин пайдасы үчүн кызмат кылышы керек. Кыргызстандагы кендерди казганда сөзсүз мамлекетибиздин үлүшү болушу керек деп баса белгилеп жатабыз.

– Неге жаңы бийлик деле “Жерүй” кенинен пайда түшүрүүнүн жолун издеген жок?

– Жолун издесе, мамлекет ар бир кенден пайда көрө турган кылышса жакшы болот эле го? Бирок “Жерүй” кенин иштетебиз деген компания мамлекетке 100 миллион доллар төлөп, алтын иштетип чыкчу зовод курабыз деп чыгым болуп калышты. Эми алардын туура эмес иштерин аныктап туруп, анан алар менен түзүлгөн келишимди бузушубуз керек. Бирок алар баштапкы келишимди бузуп жатат деп сотко берет. Сотто утаар-утпасыбыз да чоң маселе. Бирок ошондой болсо да мамлекет аталган кендин 50 пайызын ала турган абалга жетишибиз керек.

 Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *