Бишкектин «Киргизия-1» жаңы конушунда өрт кырсыгынан бир киши каза болду

Бүгүн, 11-октябрда Бишкекте өрт кырсыгынан бир киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, өрт Бишкектеги «Киргизия-1» жаңы конушунда болгон. Эки кабаттуу үйдүн жер төлөсү күйүп кеткен. Ал жерден 35-40 жаштагы европа улутундагы эркек кишинин сөөгү табылган. Маркумдун өздүгү жана өлүмүнүн себеби такталууда.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *