Орто-Сай айылында үй өрттөнүп кетти

Бишкектин четинде  жайгашкан Орто-Сай айылында бирөөнүн үйү өрттөнүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, аларга Орто-Сай айылындагы Рысмендиев көчөсүндө жайгашкан турак жай күйүп жатканы тууралуу маалымат кечээ саат 20.14тө келип түшкөн. Үч өрт өчүрүүчү бригада тартылып, алар саат 21.40та өрттү чектөөгө алышкан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *